Парламент депутаттары 20-январдагы отурумда үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүүнү экинчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу жабырлануучулар гана эмес, күбөлөр дагы кабарлай алат. Ошондой эле, зордукчуларга жазаны күчөтүү каралган.
Жыйынга 82 депутат катышып, баардыгы түзөтүү киргизүүнү колдоду.
Мыйзам долбоорун депутат Исхак Пирматов демилгелеген. Анын айтымында, милиция ишти Жоруктар тууралуу кодекс боюнча каттоого алат, бирок зордукчул адамды үч сааттан ашык кармоого укугу жок.
«Жазага тартылбаган учурда, кылмыш иши кайталана берет. Туруктуу уланган кыйноолорду далилдөө керек, бул дээрлик мүмкүн эмес», – деди Пирматов.
Ал үй-бүлөлүк зомбулук бир нече жолу кайталанган болсо, катуу чара көрүү керек деп эсептейт.
«Мисалы, адамга бир жолу эскертүү берилсе, бирок ал өзү үчүн жыйынтык чыгарбаса. Аялын, бала-чакасын күнүгө урган адамдар бар. Аялы көгала кылып сабап, тиштерин күбүп салган адамдарды жазалаш керек. Бирок азыр булар тийиштүү жазага тартылбай келет», – деди депутат.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупциянын алдын алуу комитетинин төрайымы Наталья Никитенко сунушту жактырды жана мыйзам долбоорун өзгөртүүсүз биринчи окуудан кийин эле кабыл алууну сунуштады.
«Көпчүлүк кишилер үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйгөнүнө унчукпай байкоо салуу менен, бул көрүнүштүн катышуучусуна айланып жатат. Бир гана жазалоо эмес, алдын-алуу түшүндүрүү чаралары көрүлүшү керек. Бул көйгөйдү бүткүл дүйнө биригип жок кылышы керек – прокуратра, ЖМК, милиция, коомдук уюмдар», – деп эсептейт Никитенко.
Парламенттеги 20-январда өткөн пленардык жыйында ал үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдар зөөкүрдүн туугандарынын кысымынан улам «эки тараптуу жарашууга» барарын айтып, мындан улам иш сотко жетпей калып жатканын баса белгиледи.
«ИИМдин статистикасын карасак – 2020-жылдагы 9025 учурдун 944 гана сотто каралган. Бул 11-12%. Түшүнүп атасыңарбы? Калгандары эмне болду? Көп учурда басым болот, жабырлануучуну эч ким коргобойт», – деди Никитенко.
Ал киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, ден соолукка зыян келтирилген учурда, эмгекке жарамдуулугунан ажыраса же аял жабыр тартканы «ачык көрүнүп турса» эки тараптын жарашуусуна жол берилбей турганын түшүндүрдү.
Депутаттын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукту жакын туугандары же камкорчулары кылган учурга байланыштуу жазаны кошумча оорлотуу жагдайлары да киргизилүүдө.
«Биз мигранттардын балдарына жана камкордукка алынган ар кандай балдарга карата туугандары, камкорчулары же өз ата-энелери тарабынан канча зордук-зомбулук болгонун көрүп жатабыз. Ошондуктан, зордукчу жоопкерчиликтен кутулуп кетпеши үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси бар адамдардын жоопкерчилигин жогорулатуу керек», — деп эсептейт ал.
Никитенко зордукчуга карата айып төлөө жазасын күчүндө калтыруу керек деген «сындарга» жооп берди. Ал коомдук иштерди аткаруу жазасы айып төлөөгө караганда таасирдүү жана зордукчунун жазаны керт башы менен сезишине жол ачат деп эсептейт.
«Зордукчу эч жакта иштебей, жубайынын мойнунда отурса айыпты ким төлөйт? Мындайда бул кайра эле жабыр тарткан аял менен анын балдарына түшкөн түйшүк да. Бул айып кимге жардам берет? Айып төлөө эч нерсени чечпейт», – деп эсептейт депутат.
Ал мыйзам долбоору зомбулукту «жол берилгис стигма» катары калыптандырып, коомчулукта «жийиркеничтүү» нерсе катары кабылданышына багытталганын кошумчалады.
Никитенкону вице-спикер Аида Касымалиева дагы колдоду. Касымалиева мыйзам долбоорун «эң керектүү» деп атап, кесиптештерин түзөтүү киргизүүнү колдоого чакырды.
«Аял ичип кетпейби?»
Бирок депутат айымдын пикирине макул болбогон эл өкүлдөрү да бар. Жакында эле укук тартиби боюнча комитетте мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Камчыбек Жолдошбаев үй-бүлөлүк зомбулук маселеси «татаал» экенин айтты.
Ал зордукчуга жаза чарасын айып пул түрүндө калтырууну жана «тараптардын жарашуу» мүмкүнчүлүгүн калтырууну сунуштады.
«Үй-бүлөдө ар кандай болот, кокус машина коюп кетип, колу-буту сынган учурлар да болот — мындайда деле адамдар тосмо арыз жазып жатышат. Иш токтотулуп, алар жарашышат. Балким кандайдыр бир башка ыкма табыш керек? Мисалы, аксакалдар соту бар, айылдык кеңештеги адам менен сүйлөшсө болот», — деди Жолдошбаев.
Депутаттын ою боюнча, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү үй-бүлөнүн байгерчилигин начарлатып коюшу мүмкүн. Ошондой эле, зомбулук тууралуу көп адамга белгилүү болгон учурларга гана көңүл буруш керек.
«Жазалоо деп жатасыңар, бирок балдары чоңоюп, 10-15 жашка келет. Биз тескерисинче алардын жашоосун бузуп албайбызбы? Аял ичип кетпейби? Эгер иш коомдук резонанс жаратып, кошуналары зомбулук биринчи жолу болуп жатпаганын айтса, анда ооба, жазалаш керек», — деп эсептейт эл өкүлү.
ИИМдин Жорук иштери боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкар Султанов депутаттын пикирине макул болду. Ал мыйзам долбоорун «пайдалуу» деп атады, бирок ошол эле учурда ал үй-бүлөлүк зомбулукка каралган жазаны күчөтүүнүн кереги жок деп эсептейт. Анткени бул үчүн 48 саатка камоо «каралган».
«Жазаны катуулатуунун кереги жок деп ойлойм. Эгер тараптар жарашпаса, анда штраф үй-бүлөлүк бюджетке таасир этет. Көп учурда эгер күйөөсү аялын сабап койсо, анда сөзсүз түрдө ажырашып же аягына чейин соттошуш керек болуп калат экен. Бирок мындай болбойт да. Статистика көрсөтүп тургандай, 90% иштер жарашуу менен аяктайт. Ошол эле аялы тосмо арыз менен келип, кечирим сурайт. Эгер адам соттолсо дагы бул балдарга таасир этет», — деп эсептейт Султанов.
Пирматовдун мыйзам долбоору
Депутат Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү 2020-жылдын жай айларында сунуштаган. 18-июнда парламент мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Пирматов үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу жабырлануучулардын өзү гана эмес, күбө болгон жарандар дагы кабарлай ала турган түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.
Мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка жана корук катынын шарттарын аткарбоого шектелгендер жада калса тараптар элдешкен учурда да жоопкерчиликтен кутулуп кете алышпайт. Ошондой эле, бул учурларда түзөтүү же коомдук иштер жаза катары кала берет, ал эми штраф жокко чыгарылат.
Мыйзамдын долбоорунда ачууга алдырып жана этиятсыздыктын улам оор жана анча оор эмес зыян келтирүү тууралуу беренелеринде үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна зыян келтирүү үчүн жаза чарасын жазып коюу сунушталууда.
Мындан тышкары Пирматов Жазык кодексин жаңы берене менен толуктоону сунуштаган. Ал беренеге ылайык, «ден соолуктун узак убакытка бузулушун же жалпы эмгекке жөндөмдүүлүгүн үчтөн биринен кем эмес олуттуу түрдө туруктуу жоготууну чакырган убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузгандыгы» үчүн беш жылдан тартып 7,5 чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчилик жана жаза белгиленет.