Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Депутат Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүүнү сунуштады. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны 18-июнда парламентке алып чыкты. Кийинчерээк мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды, ага 68 гана депутат добуш берди.

Мыйзам долбооруна ылайык, эми үй-бүлөлүк зомбулукка жана корук катынын шарттарын аткарбоого шектелгендер жада калса тараптар элдешкен учурда да жоопкерчиликтен кутулуп кете алышпайт. Ошондой эле бул учурларда түзөтүү же коомдук иштер жаза катары кала берет, ал эми штраф жокко чыгарылат.

«Штраф төлөгөн учурда күнөөлүү адам гана эмес, үй-бүлө чыгаша тартып калат. Ошондуктан биз айыппулду алып салууну сунуштап жатабыз, жоопкерчилик кылмыш кылган адамда гана болот. Тараптар элдешкен учурда күнөөлүүлөрдүн жоопкерчиликтен бошотулбаганы тууралуу норма боюнча, бул жабырлануучу тосмо арыз жазганына же тараптар элдешкенине карабастан, шектүү адам тергөө жүрүп жаткан убакта кармалган болот дегенди түшүндүрөт. Учурда укук коргоо органдарында күнөлүүлөрдү тергөө убагына камакка алууга мыйзамдуу негиз жок. Андан ары чечимди сот чыгарат, эгер жабырлануучу айыпталуучуну кечирем десе, анда ал бул тууралуу сотто айтса болот», — деп түшүндүрдү Пирматов.

Мыйзамдын долбоорунда ачууга алдырып жана этиятсыздыктын улам оор жана анча оор эмес зыян келтирүү тууралуу беренелеринде үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна зыян келтирүү үчүн жаза чарасын жазып коюу сунушталууда.

Мындан тышкары Пирматов Жазык кодексин жаңы берене менен толуктоону сунуштоодо. Ал беренеге ылайык, «ден соолуктун узак убакытка бузулушун же жалпы эмгекке жөндөмдүүлүгүн үчтөн биринен кем эмес олуттуу түрдө туруктуу жоготууну чакыргын убактылуу коргоо ордеринин шарттарын бузгандыгы» үчүн беш жылдан тартып 7,5 чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жоопкерчилик жана жаза белгиленет.

Депутаттын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 3 айында гана 2,5 миң үй-бүлөлүк зомбулук катталган, жабыркагандардын 95% — аялдар.

Адамдар урушат, кайра табышат

Депутат келтирген маалыматтарга карабастан анын көптөгөн кесиптештери мындай түзөтүүлөргө каршы чыгышты.

Депутат Зиядин Жамалдинов түрмөгө отуруп чыккан киши аялын кечире албай калат деп билдирди. Ошондой эле ал «эгер аял жаракат алганынан улам жумушунан айрылып, ал эми күйөөсү камалып кетсе балдарын караган» эч ким жок болуп калат деп белгиледи.

«Мен да үй-бүлөнүн бузулушуна каршымын. Бул эгерде ден соолугуна бир зыян келтирилсе колдонулат. Мен докладдын башында айтпадымбы Караколдо бензин чачып өрттөгөн аялын, Ошто машинасына байлап алып сүйрөгөн, Нарында өлөр-өлгүчө сабап, анан кайнак сууну башына төгүп салган фактыларга каршы», — деп жооп берди Пирматов.

Депутат Таалайбек Масабировго мыйзамга түзөтүүлөрдө мурдагы жубайлар тууралуу айтылып өткөнү жаккан жок. Пирматов мурдагы күйөөлөрү аялдарына алимент төлөбөш үчүн аларды коркуткан бир нече учурду жеке өзү билерин айтты.

ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозаилев бул үй-бүлөлүк зомбулукка кирбейт деп белгилеп өттү. «Ооба, сизде “психологиялык зомбулук” деген түшүнүк жок», — деп жооп берди Пирматов.

«Илгертеден бери үй-бүлөлүк жараштыруу деген бар. Үй-бүлөдө урушат, кийин жарашат. Ажырашуулар көп болуп кетет», — деди депутат Талайбек Масабиров.

Исхак Пирматов аял сотто күйөөсүнүн соттолушун каалабайм деп айтып коё алат, бирок мыйзамда зомбулук үчүн жаза каралышы керек деп жооп берди.

«Мен анын соттолуп кетишин каалабайм деп сотто көрсөтмөсүн бере берет да. Көзү агып түшүп атса, кулагы укпай калып атса, жарашкысы келсе сотто көрсөтмө берип атып жарашат элем да деп айта берет эле да», — деп кошумчалады Пирматов.

Махабат Мавлянова адамдарды үй-бүлөлүк зомбулук үчүн түрмөгө отургузбаш керек, анын ордуна аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек деп эсептейт. Анын айтымында, аны алдын алуу боюнча жергиликтүү органдар иштеши керек.

Пирматов депутаттардын баарын мыйзам долбоору менен кунт коюп таанышып чыгууга чакырып, ал аны акасакалдар соту жана башка инстанциялар иштебей жаткандан улам сунуштаганын кошумчалады.

«Зиядин Жамалдинов сонун сөз айтты. Кыргыз өзүнүн ой-пикири бар, үрп-адаты бар. Уруша кетсе кайра жарашат да. Соттоп жибериш керекпи? Алардын балдарын эмне экөөбүз багабызбы, жолдош замминистр? Мурдагы деле мыйзам жашкы иштеп аткан», — деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.

Исхак Пирматов ал киши тергөө убагына гана кармалат деп кайталап жооп берди.

«Кеп тергөө маалында делип атат, тергөө маалында отуруп турат, бир нерсени түшүп калбаса керек. Азыркы редакцияда тергөө маалында камакка ала албай жатат деп атам мен. 75-76-берене ага жол бербейт. Бензин чачып өрттөп атса, эмне бир ай отурса эми бир жери түшүп калабы?» — деп түшүндүрдү депутат.

Депутат Наталья Никитенко мыйзам долбоорун колдоп сөз сүйлөдү. Ал бул маселеде актай турган позицияга жол берилбеши керек деп айтты. Анын айтымында, депутаттардарды суроолору аны таң калтырды, анткени ал «зомбулук бар жерде “үй-бүлө” деген түшүнүк жок болот» деп эсептейт.

«Биз эч нерсе болбой жаткандай түр көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз. Жана биз белгилүү учурларга гана реакция жасайбыз. Аймактардагы аялдар жөнүндө ойлонуп көргүлөчү. Бул мыйзамды колдоп бергиле», — деди ал.

Дастан Бекешев үй-бүлөнү бул мыйзам долбоору эмес, зомбулук бузат деп билдирди.

«Ар бирибизде бала, кыздарыбыз бар. Менде кызым бар. Мен кайсы бир үй-бүлөлүк зомбучул кызымды сабаганын каалабайм. Андан кийин кайсы бир сүйүү менен аны кечиргенин каалабайм. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун колдош керек. Кыргыздардын салтына туура келбейт деп жатышат, андай эмес, кыргыз салтына, биринчиден, аялды сабаган туура келбейт. Туугандары келип, басым кылып атса ар бир аял кечирдим деп айтат да», — деп жыйынтыктады сөзүн Бекешев.

Демилгени депутаттар Евгения Строкова менен Айнура Аскарова да колдошту.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Эсиңиздерде болсо, жыл бышында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөлү зомбулуктан жабыр тарткан жети аял өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

ТЕМА БОЮНЧА: «Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?