Парламент депутаттары 20-январдагы жыйында Дамирбек Назаровду Жогорку соттун жаңы судьясы кылып шайлады. Жашыруун добуш берүүгө 93 депутат катышып, анын 92си Назаровду колдоп, бир депутат каршы болду.
Дамирбек Назаровдун талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу төрага Талант Мамытов сунуштаган. Судья депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Депутат Дастан Бекешев талапкердин киреше-мүлктөрү жөнүндө суроо узатты.
«Жогорку соттун эки судьясы “мыйзамсыз баюу” боюнча кармалган, сиз билесиз да? Бул жерде эл дагы уксун да, сизде эмне мүлк бар, канча киреше бар? Кудай сактасын, андай болбосун, бирок мүмкүн УКМК сиздерден дагы бир нерсе табат?» — деп сурады Бекешев.
*Бул жерде сөз Жогорку соттун судьялары Камиль Осмоналиев жана Дильфуза Боронбаева тууралуу болуп жатат. Алар УКМК тарабынан «мыйзамсыз баюуга» шектелип жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары 20-январдагы отурумда Осмоналиевди иштен четтетүү чечимин кабыл алышты.
Назаров Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында эки бөлмөлүү үйү жана Ноокен районунда 1 700 чарчы метр үлүш жери бар экенин билдирди. Мындан сырткары ал жылына 400-450 миң сом киреше алганын кошумчалады.
43 жаштагы Дамирбек Назаров акыркы жылдары Октябрь райондук сотунда иштеп келген. Назаров буга чейин экс-депутат Карганбек Самаковду «жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо» боюнча күнөөлүү деп табып, аны 10 жылга эркинен ажыраткан.
Кылмыш ишинин башка фигуранттары Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновду мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен күчөтүлгөн тартиптеги абакка сегиз жылга кесүү өкүмү чыгарылган. Бирок аларга мунапысты эске алуу менен мөөнөттөрүн беш жылга чейин кыскартышкан.
Ал эми жерлерди трансформациялоо жөнүндө документке мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов кол коюшкан. Алар мыйзамсыз токтом чыгарууга айыпталышып, ар бирине 5 млн сомдон айып пул салынган.