«20 батир жана унаалар». УКМК Жогорку соттун судьясын «мыйзамсыз баюуга» шектеп жатат

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «мыйзамсыз баюга» шектелген Жогорку соттун судьясынын мүлктөрүн текшерип баштады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, судья мыйзамдуу кирешесиз 20 батир, Ысык-Көлдөгү пансионаттардан үйлөрдү жана люкс-класстагы унааларды сатып алган.

«Кылмыш жолу менен сатып алынган мүлктөрдү жашыруу максатында судья “Б.Д.С.” жарандык-укуктук бүтүмдөрдү тиешелүү органдарда каттабаган. Айрым учурларда ал сатып алуу келишимдерди башка адамдарга каттаткан — алардын да тастыкталган киреше булактары болгон эмес», — деп берилет УКМКнын пресс-релизинде.

Ошондой эле атайын кызмат судья жана анын жакын туугандары чет өлкөлөрдөгү — БАЭ, Турция, Азия, Европа жана АКШ — эс алууга барып жүргөнүн кабарлады.

Тергөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Ал эми судьяны жоопкерчиликке тартууга уруксат алуу үчүн көзөмөл орган Соттор кеңешинин Дисциплинардык комиссиясына сунуштама берет.

УКМК судьяны «Б.Д.С.» инициалдары менен берди. Буга судья Дильфуза Боронбаева туура келип жатат.

УКМК менен Жогорку соттун тиреши

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Калиева «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) ишке ашыруудагы коррупцияга шектелүүдө.

Ал эми Жогорку сот УКМКнын Калиевага карата айыптары «негизсиз» экенин жана «күнөөсүздүк презумпциясы кылмыш иштеринин негизги принциптеринин бири» болгонун билдиришкен.

28-декабрда Башкы прокуратура Калиеваны жоопкерчиликке тартуу үчүн Дисциплинардык комиссияга кайрылган. Ал эми Калиева ден соолугуна байланыштуу комиссиянын отурумуна катыша албагандыктан, ал белгисиз мөөнөткө жылган.