Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Конституциянын жаңы долбоору үчүн добуш беришет

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституциянын жаңы долбоорунун акыркы варианты даяр болгонун, жакынкы күндөрү ал Жогорку Кеңешке берилерин билдирди. Бирок буга чейин документ кеңешменин пленардык жыйынына коюлуп, добуш берүү аркылуу тийиштүү ченемдер менен жоболору кабыл алынат.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Үмбөталы Кыдыралиевдин айтымында, комиссиянын жалпы пленардык жыйыны 26-январда өтөт.

Түзөтүү киргизилген Конституциянын жаңы вариантында эмнелер болот?

Белгисиз. Кеңешменин мүчөлөрүнүн бири Нурлан Шериповдун билдиришинче, кайрадан иштелип чыккан вариант баштапкы долбоордон кыйла эле айрымаланат. Бирок ал кандай негизги өзгөртүүлөр киргенин ачык айткан жок.

«Долбоордогу беренелерди бир нече ирет карап чыктык. Биз аны өркүндөтүп, юридикалык жана лингвистикалык анализ жүргүздүк», — деди ал.

Шериповдун кеңешмедеги кесиптеши Кыдыралиевдин белгилөөсүндө: Конституциянын жаңы долбоорунун мурдагыдан айырмасы, президент мамлекеттин дагы, аткаруу бийлигинин дагы башында турат.

«Мындан ары өкмөт парламентке эмес, президентке караштуу жана жоптуу, анткени өкмөттүн курамын жана түзүмүн президент өзү аныктайт. Жогорку Кеңештин милдети — мыйзам чыгаруу, мыйзам жаратуу», — деп кошумчалады ал.

* Конституциянын долбоорунун биринчи варианты коомдо нааразылык жараткан — ал вариантта сөз эркиндигине жана адам укуктарына кол салууну байкаса болот эле, айрым беренелер башкаларын төгүндөп, учурдагы Баш мыйзамдын башка маанилүү бөлүктөрү такыр жок болуп чыккан. Президентке эбегейсиз ыйгарым берилген. Конституциянын жаңы долбооруна Садыр Жапаров дагы таасир эткени айтылган — ал ошол убакта премьер-министр жана президенттин м.а. болуп турган. Юристтер жаңы Конституцияны кабыл алуу өлкөдө бийликти узурпациялоого алып келерин бир нече жолу айтышкан.

Депутаттар Конституциянын долбоорун коомдук талкууга коюуга каршы

Буга чейин парламентте Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга коюуга каршы мыйзам долбоору даярдалып жатканы белгилүү болгон. Эгер ал мыйзам кабыл алынып калса, анда кыргызстандыктар Конституция кабыл алынганча чейин аны менен тааныша албай калышы мүмкүн.

20-январда депутаттар Бактыбек Турусбеков, Үмбөталы Кыдыралиев жана Акылбек Жапаров Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду коомдук талкууга чыгарбастан, дароо үч окууда кабыл алууга жол берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышкан. Бул үч эл өкүлү тең — Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке референдум тууралуу мыйзамды бир убакытта экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алууга ыйгарым укук берүүнү шарттайт. Же болбосо, мурда өткөрүлгөн референдум Конституцияны өзгөртүүнү талап кылса дароо үч окууда кабыл алуу: мындай чечимди парламент жооптуу жана профилдик комитеттин корутундусу болгон учурда кабыл ала алат.

*Мына ушундай референдум Кыргызстанда 10-январда өткөн. Анда шайлоочулар президенттик башкаруу формасын тандап алышкан. Эми Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, анткени ушул тапта өлкөдө аралаш башкаруу формасы иштеп жатат — парламенттик-президенттик башкаруу.

Парламенттин сайтындагы кийинки отурумдун кезметинде — 2021-жылдын 27-январына — мындай мыйзам долбоору коюлган эмес. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы дагы 23-январда андай мыйзам долбоору басма сөз кызматка келип түшпөгөнүн билдирген.

Анткен менен Констиуциялык кеңештин төрагасы Конституциянын жаңы долбоорунун жаңы редакциясын коомдук талкууга алып чыгуу керек деп белгилейт.

«Мен эл өкүлдөрү долбоордун жаңы редакциясын коомдук талкууга алып чыгышы керек деп эсептейм. Адамдар эмнеге добуш берип жатканын билиши керек жана референдум өткөнгө чейин өздөрүнүн түзөтүүлөрүн, сунуш-пикирлерин айтып калууга шарт түзүлүш керек», – деп билдирген Бөрүбашев.

Конституциялык кеңешме жана «Ханституция»

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду Садыр Жапаров демилгелеген. Конституциянын жаңы долбоору дароо эле «Ханституция» деген атка конгон: жарыялангандан кийин документ юристтер менен коммчулуктун кескин сынына кабылган.

Президенттин м.а. Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгына кол койгон. Органга 89 адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент кирген эмес.

Кыргызстандагы башкаруу формасы боюнча референдум 10-январда, кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө өткөн. Борбордук шайлооо комиссиясы 20-январда референдумду өттү деп тааныган, «президенттик башкаруу формасы» үчүн 80%дан ашуун шайлоочу добуш берген.

Ошол эле күнү БШК Садыр Жапаровду өлкөнүн жаңы шайланган президенти деп тааныган. Анын ант берүү аземи 28-январда Бишкекте өтөт.