«Ханституция». Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыргызстандын 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Конституциясы

Жогорку Кеңештин расмий сайтында Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордун негиздеме-маалымкатында учурдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө андагы «карам-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталганы» жазылган.

«Көрсөтүлгөн жагдайлар экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө реалдуу жылыштарды камсыз кылбайт, бул коом жана Кыргыз Республикасынын жарандары тараптан негиздүү сын-пикирди жаратат», — деп берилет долбоордун негиздеме-маалымкатында.

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, «Элдик курултай» делген жаңы органды орнотуу сунушталууда. Ошондой эле Баш мыйзамдын долбоорунда «премьер-министр» кызматы «өкмөт башчыга» өзгөртүлгөн, бирок өкмөттү президент жетектейт.

Президент эки мөөнөткө шайлана алабы?

Конституциянын долбоорунун 56-беренесинде президент «аткаруу бийлигине башчылык кылат» деп жазылган. Бул өкмөттү өкмөт башчы эмес, президент жетектей турганын билдирет.

Долбоордун 60-беренесине ылайык, өкмөттүн курамын президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт. Азыркы Баш мыйзам боюнча өкмөттү Жогорку Кеңеш бекитет, ал эми президент үч күндүн ичинде өкмөттүн мүчөлөрүн дайындашы керек. Эгерде президент аларды үч күндүк мөөнөттө дайындабаса алар дайындалган болуп эсептелет.

Баш мыйзамдын кыргыз тилиндеги долбоорунун 57-беренесинде президент 5 жылдык мөөнөткө шайлана турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле «бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт» деп жазылган. Ошол эле учурда Конституциянын орус тилиндеги долбоорунда «бир эле киши беш жылдык мөөнөткө эки жолунан көп эмес шайлана алат» деп жазылган. Азырынча долбоордуни авторлору бул дал келбестик боюнча түшүндүрмө бере элек.

Учурдагы Конституция боюнча президент 6 жылдык мөөнөткө бир жолу шайланат.

Ошондой эле Баш мыйзамдын долбоорунун 75-беренесине ылайык, президент «мыйзам чыгаруу демилге укугуна» ээ болуп калат.

Мындан сырткары, президент мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулса анын ыйгарым укуктары «өкмөт башчыга» өткөрүлөт. Ал эми өкмөт башчысы президенттин милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда өлкө башчынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин төрагасына жүктөлөт.

Учурдагы Конституция боюнча президенттин милдеттери алгач парламенттин төрагасына, кийин премьер-министрге өткөрүлөт.

Депутаттардын саны 90го кыскарат

Конституциянын жаңы долбоорунун 66-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 90го кыскартуу сунушталат.

Баш мыйзам долбоорунун негиздеме-катында депуттарды мажоритардык (бир мандаттуу) жана пропорционалдык (партиялык тизме) система менен шайланган эл өкүлдөрдүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү конституциялык мыйзам менен аныктала турганы жазылган. Буга чейин президенттин мурдагы милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 90 депутаттын 55и партиялык тизме, ал эми калган 35 депутат бир мандаттуу округдан шайлана турганын айткан.

Элдик курултай

Баш мыйзамдын долбоорунун 7-беренесине ылайык, Элдик курултай «элдик бийликтин кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку органы» болуп эсептелет.

Учурда Элдик курултайдын функциялары толугу менен аныктоо үчүн мыйзам кабыл алына элек. Белгилей кетчү жагдайлар:

  • курултай президент жана башка мамлекеттик органдарга сунуштамаларды бере алат;
  • Элдик курултай өзүнүн төрагасынын, президенттин жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын отчетторун угат;
  • курултай аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт;
  • Элдик Курултайды чакыруу укугу Президентке таандык.

Коомдук талкууга коюлгандан тартып социалдык тармактардын колдонуучулары долбоорду «ханституция» деп атап сын-пикир жазып жатышат. Ошондой эле айрым саясатчылар жана депутаттар долбоорго каршы экендигин айтып чыгышты.

Конституциянын жаңы долбоору

Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү 81 депутат демилгеледи — «Республика — Ата-Журттун» 23 мүчөсү, КСДПнын 19 депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын 14 эл өкүлү, «Өнүгүү Прогресстен» 12, «Бир Болдон» жети жана «Ата Мекенден» алты. Алардын ичинен көбү «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын катарында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышышкан.

Жаңы парламент шайланып келгиче конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү пландалууда. Жапаров буга чейин алгач президенттик шайлоону өткөрүп, андан соң түзөтүү киргизүү боюнча референдум, акырында парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп айтып келген. Бирок Конституциянын долбоорунун биринчи беренесинде төмөндөгүдөй жазылган:

«Кыргыз Республикасынын аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 10-январына референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнү белгилөө», — демек, бийлик президенттик шайлоо жана конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча референдумду бир күндө өткөрүүнү чечкен.

Садыр Жапаров Конституцияга түзөтүүлөрдү колдойт. Ал бул тууралуу айткандан бери жаңы Конституциянын долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган — кампания долбоор жарыялана электе эле башталган. Аны саясатчылар, саясат таануучулар жан башка жүздөр сүрөмөлөшкөн. Ал эми юристтер сынга алышкан.

Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

Садыр Жапаровдун парламенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча ою кандай өзгөрдү?

«Адилет» укуктук клиникасы: Депутаттар жана Жапаров Конституцияны, парламенттин регламентин бузду

«Конституцияны уруп ойнобойбуз деген тарап бар». Референдум өткөрүү маселеси талашка түштү