Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды кантип жакшыртат? Түшүндүрөбүз

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 22-январдагы брифингде ведомство ооруканалар менен бейтапканаларды кандай жол менен оптимизациялай турганын айтып берди. Министрлик медициналык мекемелердин административдик штатын кыскарткысы келет. Анткен менен министр медиктердин баары ордунда калат деп убада берди. Ведомство оптимизацияны кантип ишке ашырарын айтып беребиз.

Бейшеналиев ооруканаларды оптимизациялоо өкмөттүн «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» аттуу беш жылдык программасынын алкагында өтөрүн айтты. Ага ылайык, бейтапканалар аймактык ооруканалар жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл аймактык борборлору менен бириктирилет.

«Ооруканалардагы кызмат көрсөтүүнү реформалоо эл аралык жана ийгиликтүү ишке ашкан тажрыйбаларга таянып, бейтаптын кызыкчылыгына, калктын суроо-талабына негизделет, ал баштапкы медициналык жана санитардык жардам көрсөтүүнү күчөтүү менен тыгыз байланышкан. Ошондой эле, күндүзгү станционар — кыска мөөнөттө жардам алуучу бөлүмдөр сыяктуу кызматтар ишке киргизилет», — деп билдирди саламаттык сактоо министри.

Азыр кандай?

Министрдин маалыматына ылайык, бүгүн өлкөдө саламаттык сактоонун 356 уюму бар:

  • 49 үй-бүлөлүк медициналык борбору,
  • 17 үй-бүлөлүк врачтардын тобу,
  • 135 стационар — анын ичинен жетөөсү облустук ооруканаларда,
  • 40 аймактык оорукана,
  • 29 жалпы дарыгерлер тажрыйба борборлору,
  • 50 коомдук саламаттык сактоо уюумдары.

Бейшеналиев аймактык ооруканалар менен бейтапканалардын дээрлик бардыгы бири-бирине жакын жайгашканы менен алардын иши «натыйжалуу» эместигин белгиледи.

Ал мисал катары бейтапкананын бир адисине күнүнө 11 адам туура келерин белгиледи. Нормага ылайык, бир адис бир күндө 20 бейтапты көрө алат — тар адистиктеги врачтар «жетишерлик колдонулбайт».

Ошондой эле, министрдин маалыматында, аймактык ооруканаларда колдонулган жабдуулар Үй-бүлөлүк медициналык борборлордо дагы бар, мындан улам лабораториялык жана диагностикалык аппараттар «толугу менен» иштетилбейт.

Мындан тышкары, ооруканаларда жардамчы персонал жетишсиз, бирок айылдык медициналык мекемелерде алар абдан эле көп.

Кандай иштер аткарылат?

Министрликтин башчысы алдын алуу, диагностикалык, клиникалык жана дарылоо кызматтары «бир короодо» көрсөтүлгөндөй кылуу пландалып жатканын айтып берди. Медициналык мекемелерди бириктирүү ишинин жүрүшүндө ооруканалардын административдик штаты (бухгалтерлер, кассирлер жана айдоочулар) кыскартылат.

Бейшеналиев учурда медиктер «жетишсиз» болгондуктан, алардын баары иш ордунда калат деп убадалады.


«16 миң медик керек болсо, азыр 13 миңи гана бар. Алардын ичинен көбү 1,5-2 ставкада иштейт. Тар адистиктин көптөгөн кызматкерлери башкы дарыгер же орун басар болуп кетишкен. Оптимизациянын жүрүшүндө бир дагы медайым же врач кыскартылбайт. Алар ишин уланта берет, кийин аларга суроо-талап чоң болот», — дейт министр.


Оптимизациялоого аймактык деңгээлдеги 125 дарылоо мекемеси дагы туш болот — алардын ичинен кайра жалпы дарыгерлик тажрыйбадагы 43 борбор түзүлөт.

Ошондой эле, 49 коммдук саламаттыкты сактоо уюму 23 райондор аралык дарттын алдын алуу жана мамлекеттик сенэпидкөзөмөлдөө борбору катары кыскарат.

Күтүлүп жаткан жыйынтыктар

Саламаттык сактоо министри оптимизациянын алгачкы жемишин эки-үч айдан кийин эле көрүүнү көздөйт. Бириктирүүнүн алгачкы этабынан кийин ведомство 200-300 млн сом үнөмдөп калгысы келет. Бейшеналиев үнөмдөлгөн каражаттардын бардыгын ушул эле ооруканалардагы шарттарды жакшыртууга жумшамакчы.

Мындан тышкары, төмөнкү жыйынтыктарга да жетүү планы бар:

  • Үзгүлтүксүз амбулатордук жана стационардык кызмат көрсөтүүгө жетүү;
  • Медициналык мекемелердин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн калк үчүн жеткиликтүү кылуу;
  • Кадрдык, каржылык жана материалдык булактардын бөлүнүшүн оптимизациялоо;
  • Рентгенография сыяктуу диагностикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
  • Медициналык жабдуулардын пайдалануусун жана техникалык тейлөөсүнө кетчү чыгымдарды кыскартуу.

Жаңылоо киргизүүдө баштапкы медициналык мекемелерге артыкчылык берилет: бейтапканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана ФАПтар. Поликлиникаларда күндүзгү стационарларды ачуу пландалууда.

Андан ары райондор аралык жана облустук ооруканалар түзүлүп, ал жакта адистештирилген жардам көрсөтүлөт. Учурда бейтаптар мындай кызматтардын артынан Ош же Бишкекке барып убара.

Бейшеналиевдин айтымында, Чүй облусунда дал ушундай эки борбор ачылат. Алар Кара-Балта жана Токмок шаарларында жайгашып, аларда жакынкы калктуу конуштардын тургундары дарыланат.

«Уюшулган кайра багытоо системасы жардам көрсөтүүнүн үзгүлсүзсүз ишке ашуусун камсыздап, кант диабети, жүрөктүн ишемия оорусу сыяктуу өнөкөт оорусу барларды көзөмөлдөө ишин жакшыртат», — деп эсептейт министр.

Бул эмне үчүн керек?

Бейшеналиев 24.kg басылмасына курган маегинде өлкөнүн медициналык жайларын оптимизациялоо чечимин 37 жылдык эмгек тажрыйбасына таянып, «жеке өзү» кабыл алганын кошумчалады.


«Пандемия учурунда бейтаптар ооруканаларга, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кире албай жүргөнүн көрдүм. Аларды ар кайсыл жактарга “айдап” жатышты. Чакан райондун борборунда 5 башкы врач болуп, эч кимиси кошумча койка-орун ача алган жок. Мындан улам менде план пайда болду, өзүмө ушундай жоопкерчиликти алдым», — деди министр.


Анын ою боюнча, мындай реформаны «коронавирустун божомолдонгон үчүнчү толкунун» эске алуу менен тезирээк жүргүзүү керек, ал эми ооруканаларды поликлиникалар менен бириктирүүдөн кийин бир эле башкы врач кошумча орундарды уюштуруу тууралуу чечимди кабыл ала алат.

Бейшеналиев аймактык төрөт үйүндөгү жаңы төрөгөн аялды мисал келтирди — ал ооруканадан чыккандан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлерге өзү телефон чалып, төрөттүн өтүшү тууралуу кабарлап турган — ушундай болуп жатса дагы ага бир же эки айдан кийин гана колдоо көрсөтүлгөн.

Министрдин айтымында, бириктирүүдөн кийин көз жарган аялдын картасы ооруканадан чыккандан кийин дароо ҮМБге берилип, ага бир же эки күндөн ичинде колдоо көрсөтүлүп турат.

Министрдин айтымында, айыл жергесиндеги врачтар менен жарандардын «98-99%ы» келечектеги реформага кубанууда, ал эми ага «жылуу креслосунан кол жуугандар» гана нааразы.

«Булар саламаттык сактоо тутумун жакшы билбегендер. Алты айдан кийин мен далилдеп берем: алгачкы жардам көрсөтүү жана алдын-алуу иш-чаралары жогорку деңгээлде болот. Жашоочулар ыраазы болушат. Кепилдик берем», — деп билдирди Бейшеналиев.

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков 22-январда Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алып, Бейшеналиевден өлкөдөгү саламаттык сактоо системасында реформа жүргузүүгө тезирээк киришүүнү сураган.

«Бүгүнкү күндө биз көрүп тургандай, кабыл алынган кадамдар күтүлгөндөй ийгиликтүү болгон жок. Ошондуктан оптималдаштыруу маселеси Өкмөттүн ишинде комплекстүү түрдө каралышы абдан маанилүү», — деген Новиков.

Премьер-министрдин м.а. пикиринде, оптимизациялоодо санариптештирүүнү, саламаттыкты сактоонун баштапкы звеносунун «максималдуу жеткиликтүүлүгүн» жана кыргызстандыктардын жекече камсыздандырылышын эсебин эске алуу керек.

«Саламаттык сактоо тутумундагы моралдык климатты калыбына келтирүү, ошондой эле жарандарыбыз үчүн объективдүү маалыматты, анын ичинде COVID-19 каршы вакциналарды каттоо жана ташып келүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча обьективдүү маалыматты жеткирүү маанилүү», — деп белгилеген Новиков.