Саламаттык сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев 25-январдагы басма сөз жыйында медиктер COVID-19 менен күрөшүүдөгү маморгандар менен муниципалитеттердин иши тууралуу ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен макул эместигин билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин врачтары кайсыл бүтүм менен макул эмес жана 2020-жылдын жай айларында Кыргызстанда болгон окуялардын себеби туралуу врачтардын ою кандай? Баяндап беребиз.
«Гумжардамды кечиктиришкен, бейтаптарды дарылашкан эмес»
Сооронбаев «врачтар гумжардамды кечиктирип, ооруларды дарылаган эмес» жана «донорлордон келген каражаттарга тиешеси болгон» деген айыптоолорду болбогон кеп деп атады.
Анын айтымында, гумжардамды дагы, донорлор аркылуу келген каражаттарды дагы врачтар тараткан эмес.
«Саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу үчүн анализ жүргүзүү керек экенин мойнубузга алабыз. Бирок профессорлор, кызыл аймакта иштеген Кыргызстандын бардык врачтары ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгынын бир дагы пункту менен макул эмес», — деп билдирди Сооронбаев.
Минздравтын башкы пульмонологу талдоо жүргүзүүнүн максаты жана анын бейтараптуулугу боюнча маселе жаралып жатканын белгиледи.
«Комиссия түзүүнүн алдында, врачтарды эч ким эч нерсе деп күнөөлөбөйт деп айтышкан. Бирок жыйынтыкты карасак, ачык эле каралап, жалаа жапканга чейин барып жатышат. Медиктер комиссиянын курамына кирүүнү, премьер-министр менен жолуктурууну сурандык. Бирок бизге андай мүмкүнчүлүк беришкен жок. Иликтөө бир жактуу жүргүзүлдү», — деп белгиледи ал.
Талантбек Сооронбаев пандемияда каза тапкандардын жакындарынын митингин «атайын буйрутма» деп атап, «ал жакшылыкка алып келбесин» айтты. Анын айтымында, бийлик күнөөлөй турган бирөөнү табыш үчүн медиктерди каралоого өткөн.
«Диалог уюштуруп, каза болгондордун тууган-уругун чакырып сүйлөшүш керек эле. Биз аларга дилетант эмес, адискөй катары түшүндүрүшүбүз керек болчу. Бейтаптар клександын жетишсиздигинен өлгөн жок. Бейтаптар кычкылтектин жетишсиздигинен, ооруканаларда шарттар түзүлбөгөндөн өлдү. Биз оорукананын абалына же кычкылтекке жооп бере албайбыз», — деди ал.
«Өлгөндөр мындан дагы көп»
Башкы пульмонолог бардык медиктер кызыл аймакта иштегенин, ал тургай өздөрү дагы коронавирус менен ооруганын белгиледи.
«Бизди чиновниктерге теңеп, бизге каршы митинг уюштуруп жатышат. Биз болгону ачык-айкын маалымат берүүнү каалайбыз. Өз ар-намысыбызды коргогубуз келет», — деди ал.
Ошондой эле, Сооронбаев ар бир бейтапка дарыгерлер кеп-кеңеш берип, маалымат берип турганын билдирди. Анын айтымында, врачтардын консультациясын алып жүргөн ооруулуулардын бардыгы COVID-19 дартынан улам көз жумган.
«Кимдир бирөөнү союп көрдү деп айта албайм. Мен өзүм сөөктү ачып көргөн учурду көргөн жокмун. Анализ жүргөн, дагы деле уланууда. Менин оюмча, каза болгондордун саны көп болчу деген жыйынтыкты башка комиссия иликтеши керек», — дейт ал.
Комиссия мүчөлөрү компетентсиз
Талантбек Сооронбаев азыркы ведомстволор аралык комиссиянын айрым мүчөлөрү компетентсиз экенин, курамы кандай чогултулганын аныкташ керектигин кошумчалады.
«Ким жана кантип тандаган, критерийлери кандай болгон? Комиссиянын кээ бир мүчөлөрүн тааныйм. Алар таптакыр компетентсиз. Алар бүтүндөй бир системаны баалай албайт. Бул жөнүндө айтпасак болбойт, жаңы комиссия текшерсин», — деп жыйынтыктады башкы пульмонолог.
«Медиктер COVID-19ду дарылоого окутулган эмес»
Саламттык сактоо министрлигинин реаниматологу Гүлжан Жүзүбалиева дагы ведомстволор аралык комиссиянын бүтүмүн тааныбайт.Анын айтымында, медицинанын башкы адистери бейтаптарды дарылоого катышкан эмес, медиктер коронавирусту дарылоодо окутулуган эмес деген билдирүүлөр — жалган.
«Өлкөдө реаниматологдор өтө эле аз. Алардын айлыгы жашоо минимумунан аз. Ошондуктан кадрлар чет өлкөгө кетип жатат. Реанимация бөлүмдөрүндө көбүнчө 55-60 жаштагылар иштейт. Алар тылда жүргөндөй эле иштеп, кызыл зонага кирип жүрүштү. Өзүбүз дагы ооруп калып жаттык. Араң-зорго айыгып, кайра эле оорулуларга кайттык. Башка аргабыз жок болчу», — деди Жүзүбалиева.
Жүзүбалиева реанимация бөлүмдөрүнүн жетекчилери медиктерди онлайн дагы, оффлайн дагы окутканын, ал эми аларга карата айтылып жаткан айыптар негизсиз экенин белгиледи.
Пандемияда каза тапкандардын туугандарынын митинги
25-январда Бишкектеги Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында COVID-19 илдетинен каза болгондордун жакындарынын митинги болуп өткөн. Алар өлкөдө пандемияга даярдык көрбөгөн COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын өкүлдөрүн жана ведомство чиновниктерин жазалоону талап кылган.
Митингге чыккандардын айтымында, бийлик коронавирустан каза болгондор үчүн «кечирим сураган эмес», ал эми күнөөлүүлөр ишин улантып, коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык көрүп жатышат.
Алар саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаевди дагы жоопко тартуу керек дешкен.
Мадамин Каратаев болсо Kaktus.media басылмасына маек куруп, кызматка жармашпаганын, жумуштан кетүүгө даяр экенин айттты. Бирок ал митингчилердин айыптарын негизсиз деп атады, себеби «пандемиянын очогунда» иштеген.
«Эмне үчүн, мындайча айтканда, бирөөнүн “капризи” үчүн ушундай болушу керек? Ууру экенимди [менин] ким аныктайт? Сотпу? “Киши өлтүргүч” деп дагы айтып жатышат. Мен эмне унаа менен тепселедимби [кимдир бирөөнү] же ок аттымбы?» — деп ачууланды ал.
Пандемияга даярдык көрүүдөгү чабалдык
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча маморгандар менен муниципалитеттин ишин текшерген ведомстволор аралык комиссиянын маалыматына ылайык, COVID-19га каршы күрөштүн алкагында 14 кылмыш иши козголголгон.
Комиссия мүчөлөрү COVID-19 оорусун дарылоонун клиникалык протоколунун үчүнчү версиясы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир айдан ашуун кечигип бекитилген. Алардын маалыматында, клиникалык протоколду «өз кызыкчылыгы бар» конкреттүү бир аткаминер өткөрбөгөндүктөн ушул окуя болгон.
Ошондой эле, комиссия тарабынан коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны, расмий статистикадан алда канча көп, ал эми Саламаттык сактоо министрлиги көз жумгандардын санын атайылап азайтып айтып турган.
Текшерүүнүн жыйынтыгын тааныштыруу учурунда ведомстволор аралык комиссия бир нече облустук ооруканалардын жетекчилеринин жана саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин ишин жетишсиз деп тапкан.
Ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик коронавирус пандемиясына каршы күрөшкө 2020-жылдын январь айынан тартып камылга көргөн. Кыргызстандагы COVID-19 жуктуруунун алгачкы учурлары 17-мартта катталган.
Бирок 2020-жылдын жай айларында, даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт болгонуна карабай, өлкөнүн саламаттык сактоо системасы туңгуюкка кептелген: ооруканаларда койкалар, медиктер, дары-дармектер, жабдуулар жетишсиз болуп чыккан.
Мындан улам, июль айында COVID-19 жуктурган жүздөгөн кыргызстандык өмүрү менен кош айтышып, эл арасында «каргашалуу июль» деген аталыш пайда болгон. COVID-19 менен күрөшүүгө жооптуу делген жогорку кызматтагы аткаминерлердин эч кимиси ТИЗОдо эмес жана сот жообуна тартылган жок.
Республикалык штабдын малыматына караганда, 2021-жылдын 25-январына карата Кыргызстанда 1401 адам каза болгон. COVID-19 жуктургандар же пневмонияга кабылгандардын жалпы саны 83 971ге жеткен. 80 025 адам айыгып чыккан.
ТЕМА БОЮНЧА: