22-январда Бишкекте коронавируска каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардын жана муниципалитеттин ишин иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын маалымат жыйыны өттү.
Комиссиянын курамына саламаттык сактоо кызматкерлери, ЖК депутаттары, ЖМК өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, жарандык активисттер, көзкарандысыз эксперттер, ошондой эле COVID-19дан каза болгондордун жакындары кирген.
Комиссиянын мүчөлөрү кандай көйгөйлөрдү аныктаганын, алардын иши кандай тыянактарга жана натыйжаларга алып келгенин баяндап беребиз.
Дарыгерлер окутулуп, ооруканалар даярдалган эмес
Комиссиянын курамына коронавирустан каза болгон парламенттин экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова дагы кирди. Ал саламаттык сактоо системасы коронавируска даяр болбогонун билдирди.
Анын айтымында, Республикалык штабдын кетирген биринчи катасы — бул профилактикалык мүнөздөгү чаралар менен гана чектелгени болгон. Атап айтканда, массалык дезинфекциялоо, өткөрүү пункттарын орнотуу, мектептерди, бала бакчаларды жана коомдук тамактануу пункттарын жабуу аракеттери.
«Штаб оорунун массалык жайылышы тууралуу сценарийди таптакыр караган жок. Көптөгөн өлкөлөрдө вирус калк арасында жайылганда карантин киргизген. Бул дарыгерлердин жүгүн жеңилдетүү максатында жасалган, ошол эле учурда саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча иштер жүргөн. Биздикилер эмнегедир башка өлкөлөрдө болуп жаткан трагедиядан кайгып өтөбүз деп чечишкен. Убакыттан уттуруп, коронавирустун массалык түрдө жайылышына даярданышкан эмес», — деди ал.
Турсунбекова өлкөдө лабораториялар, ооруканалар даяр болбогонун, бейтапканалар борборлоштурулган кычкылтек менен камсыздалбаганын белгиледи. Штаб дары-дармектерди жана медициналык шаймандарды сатып албай, дарыгерлерди окуткан эмес.
Мындан тышкары, штаб өздөрү кабыл алган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөгөн эмес.
«Биз эч кимди актаганга аракет кылган жокпуз. Комиссия саясатка кийлигишпейт. Биз өз ишибизди гана аткарып жатабыз. Өлкө коронавируска даяр эмес болчу. Кишилер аткаминерлердин жоопкерсиздигинен каза болду. Бул менин атамдын да өлүмүнүн бир себеби болду», — деди ал.
Турсунбекова атасына жардам берген дарыгерлер менен медайымдардын күнөөсү жок экенин айтты. Анткени алар ошол кезде орун алган кырдаалдын барымтасында калган.
Кеч калган дарылоо протоколу
Айдай Турсунбекова антикоагулянттар кошулган COVID-19ду дарылоо боюнча клиникалык протоколдун үчүнчү версиясы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир айдан ашык кечигүү менен бекитилгенин айтты.
Ушундан улам, жергиликтүү фармацевтикалык компаниялар протоколдун 2020-жылдын 15-майында киргизилгенине карабастан өлкөгө жеткирилүүчү дары-дармектердин бекитилген тизмесин 1-июлда гана алышкан.
«Сүйлөшүү учурунда көптөгөн дарыгерлер эпидемиологиялык кырдаал боюнча негизги окутуулар болгонун, ал эми дарылоо боюнча иш жүзүндө эч кандай окутуу болбогонун моюндашты. Төртүнчү дарылоо протоколунда дагы абал ушундай - башкача айтканда, протокол август айында даярдалып, сентябрь айында кабыл алынган», — деди ал.
Турсунбекованын айтымында, үчүнчү протокол кечигип кабыл алынган, анткени аны бир жооптуу аткаминер өткөрбөй койгон. Турсунбекова ал чиновниктин күнөөсү далилдениши керектигин белгилеп, атын атаган жок.
«Эгер укук коргоо органдары анын атын айтпаса, анда мен айтам. Протокол май айында эле даяр болгону маалым. Айрым маалыматтар боюнча бул адамдын өзүнүн кызыкчылыгы болгон. Анын себебин органдар ачыкка чыгарат деп үмүттөнөм», — деди ал.
Өлгөндөр мындан дагы көп
Турсунбекова коронавирустан каза болгондордун саны расмий маалыматтарга караганда алда канча көп экенин билдирди. Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун санын атайылап төмөндөткөн.
«Вирустан каза болгондордун 47%ынын гана денеси ачылып экспертиза жасалган. Көпчүлүгү диний жана башка көз караштардан улам баш тартышкан. Эгерде экспертиза көп жасалса, биз көбүрөөк маалымат алмакпыз», — деди экс-спикердин кызы.
Турсунбекова эгер Саламаттык сактоо министрлигинин июль айынан ноябрь айына чейинки маалыматтарын өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырып, андан COVID-19дан каза болгондорду алып салганда дагы каза болгондордун саны 6 миң кишиге көп экенин билдирди.
Комиссияга Саламаттык сактоо министрлиги бул адамдар эмне үчүн каза болгонун түшүндүрүп бере алган эмес.
Буга чейин вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева комиссиянын иликтөөсүнүн алдын-ала жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып, Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондор Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасында көрсөтүлгөндөн алда канча көп экенин белгилеген.
Аткаминерлер ооруканалардан орундарды ээлеп коюшкан
Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекованын айтымында, Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында эгер аткаминерлер коронавирус менен ооруп калса деп атайын орундар кармалып турган.
Бул оорукана COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдалган жалгыз оорукана болчу. Ошол эле учурда, катардагы жарандарды жаңы ачылган стационарларга жиберип турушкан.
Комиссиянын маалыматы боюнча, пандемия күч алган учурда аткаминерлер жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып, карапайым калк «Семетей» мейманканасындагы жана мурдагы аскер базасындагы стационарларга жөнөтүлгөн.
Эмгек биржасынан алынган санитарлар жана COVID-19га каршы күрөшкөн стоматологдор
Турсунбекова коронавирустун жайылышы туу чокусуна жеткен маалда Саламаттык сактоо министрлиги даярдыгы жок медициналык мекемелерди ача баштаганын белгиледи.
Ал жергиликтүү оорукананын башкы дарыгерлеринин бирине таянуу менен, кызматкерлердин жетишсиздигинен улам эмгек биржасынан персоналдарды алууга туура келгенин билдирди. Ал эми Воронцовка айылында COVID-19 менен ооругандарды тиш доктурлар дарылаганын кошумчалады.
«Семетей» госпиталы COVID-19дан каза болгондор боюнча биринчи орунда турат. Анткени ал жакта лабораториялар, реанимация бөлүмдөрү жана тажрыйбалуу дарыгерлер болгон эмес. […] Көптөгөн медициналык мекемелерде байтептарды адистиги башка дарыгерлер дарыланышкан. Мисалы, Воронцовкада тиш доктурлар дарылашкан. Кычкылтек концентраторлорун кантип колдонуу керектигин билишпегендиктен аларды коридорго чыгарып коюшкан», — деди экс-спикердин кызы.
Күндүзгү стационарлар — жаңылыштык
Жумушчу комиссиянын курамына кирген Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Гүлмира Жумалиева, күндүзгү стационарлардын ачылышы COVID-19дун биринчи толкунуна терс таасир бергенин белгиледи.
Анын айтымында, күндүзгү стационарларда бейтаптарды бөлүп кармоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.
«Анын үстүнө күндүзгү стационарларда дарылоо көзөмөлгө алынган эмес, адамдар келип-кетип турушкан. Ал жерде иштеген дарыгерлер бейтапты дарылоодо жоопкерчилик алышкан эмес. Баарына эле капельница коё беришкен. Ошол эле учурда оор абалдагы бейтаптар стационарларга алып келинген», — деди Жумалиева.
Комиссия ошондой эле дезинфекция маселесинен улам ооруканага ылайыкталбаган жайларда стационарларды ачуу туура эмес болгонун белгиледи. Анткени медициналык кызматкерлер бейтаптар менен бир жайда болушкан.
Гүлмира Жумалиеванын айтымында, кымбат комбинезондун ордуна «жогорку сапаттагы респираторлорду сатып алуу керек болчу».
«Көчмө бригадаларды уюштуруу, аралыктан иштөө, обочолонуу, беткап режими натыйжалуу иш-чара болгон деп эсептейбиз», — деди ал.
Ысырапкорчулук жана ММКФнын талкаланышы
Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын мүчөсү, эндокринолог дарыгер Самат Асаналиев, өкмөт сапат сертификаты болбогон кытайлык компаниядан натыйжасыз экспресс-тесттерди сатып алганын билдирди.
Ал ошондой эле, 7-октябрга караган түнү белгисиз адамдар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун (ММКФ) талкалашканын, кеңседеги документтер жана маалыматтар сакталган түзүмдөр жок кылынганын айтты.
«Бул имараттын жанында соода борбору, банк жана башка мекемелер бар, бирок, талап-тоноо дал ушул ММКФда уюштурулган. Бир гана кагаздар жана маалыматтар сакталган түзүмдөр жок кылынды. Сүрөттөрдү караңыз, ал жерде принтерлер жана башка шаймандар жөн эле турат», — деди комиссиянын мүчөсү.
Анын айтымында, пандемия учурунда 64 миң долларга 13 даана транспорт сатып алынган, бир унаа болжол менен 60 миң доллар турат.
«90 миң долларга колдонулган тик учак сатып алса болот. Биздин аймактын дээрлик 90%ын тоолор түзөт, бизге тик учак керек. Ооба, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам колдонулган жабдууларды сатып алууга жол бербейт деп айтышыңыздар мүмкүн, бирок бизде №1 борт деле колдонулган тхникада да», — деди Асаналиев.
«Жоголуп кеткен» гуманитардык жардам
Комиссиянын дагы бир мүчөсү, мамлекеттик каржы жана бюджеттик пландоо боюнча эксперт Бакыт Сатыбеков келген гуманитардык жардам боюнча толук маалымат жок экенин билдирди.
Анын айтымында, комиссияга гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча маалыматтарды чогултуу кыйын болгон.
«Биз Бишкектеги бир катар ооруканаларга таратылган гуманитардык жардамды гана талдап чыктык. Дары-дармек менен камсыздоо департаментинен алынган маалыматтар менен салыштырдык. Мисалы, жугуштуу оорулар ооруканасы 3 миллион сомдук концентраторлорду алганын ырастаган жок», — деди ал.
Комиссия ошондой эле, 2020-жылы жазында чек арада конфискацияланган медициналык баткаптардын көпчүлүгү фармацевтикалык уюмдарга арзандатылган баада сатылганын ырастоодо.
Бул беткаптардын болгону 6%ы гана ооруканаларга жөнөтүлгөн - алардын жетишсиздигинен улам, медицина кызматкерлери беткаптарды дарыканалардан кымбат сатып алышкан.
«Конфискацияланган каражаттардын 30%ы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген, дагы бир бөлүгү мамлекеттик органдарга сатылган, 6%ы гана ооруканаларга, Тез жардам борборуна жөнөтүлгөн. Апрелде эл карантинде болгондуктан, беткаптарга баарынан көп медицина кызматкерлери муктаж болушкан», — деп комиссиядан билдиришти.
Буга чейин вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча берилген отчеттор «толук эмес жана кээ бир жагдайлар түшүнүксүз» экенин билдирген.
Анда ал Саламаттык сактоо министрлигин сындап, келген кайрымдуулук жардам жөнүндө толук маалымат болушу керектигин белгилеген. Анткени аны «жарандар, депутаттар, эл аралык уюмдар, жардам берген донорлор күтүп жатышат».
«Өпкөнү жасалма дем алдыруучу канча аппарат, канча рентген келди? Отчетто 325 рециркулятор сатылып алынганы айтылган, бирок алардын кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмнеге медициналык шаймандар баланска алынбай, керектүү түрдө катталган эмес?» — деп Сурабалдиева суроо салды .
Ким жооп берет?
Комиссиянын мүчөсү Кайрат Алымкулов белгилегендей, тергөө органдары COVID-19га каршы күрөшүү боюнча 14 ишти тергеп жатат.
Анын айтымында, комиссиянын корутундусу тергөө органдарына берилип, Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралат.
«Биз эч кимди айыптаган жокпуз, болгону жооптуу кишилерди белгилеп, алардын иштерин гана көрсөтүп жатабыз. Белгилүү болгондой, вируска каршы күрөшүүнүн алкагында 14 иш тергелип жатат», — деди ал.
Текшерүүнүн жыйынтыгын тааныштыруу учурунда ведомстволор аралык комиссия бир нече облустук ооруканалардын жетекчилеринин жана саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин ишин жетишсиз деп тапты.
Коопсуздук Кеңеши дагы ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгын карайт. Комиссиянын мүчөлөрү алар дарыгерлерди жана башкаларды жоопко тартуу, жазалоо милдетин койбогонун белгилешти.
«Биз комиссия катары кылмыш ишин козгогонго аракет кылган жокпуз. Биз чындыгында кандай болгонун жана эмне кылуу керектигин айттык [дагы кайталанбашы үчүн]», — деди алар.