«Киши өлтүргүчтөр». Бишкекте COVID-19дан каза тапкандардын туугандары митингге чыкты

Сүрөт: kaktus.media

25-январда Бишкектеги Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында COVID-19 илдетинен каза болгондордун жакындарынын митинги болуп өттү.

Жыйырмадан ашык адам өлкөдө пандемияга даярдык көрбөгөн COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын өкүлдөрүн жана ведомство чиновниктерин жазалоону талап кылды.

Митингге чыккандар эмне дешти?

Митингчилердин бири Ырыскан Зулпукарованын айтымында, бийлик коронавирустан каза болгондор үчүн «кечирим сураган эмес». Анын айтымында, күнөөлүүлөр ишин улантып, коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык көрүп жатышат.

Ал саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаевди дагы жоопко тартуу керек дейт ал.

«Биз адилеттүүлүктү талап кылабыз. Жакындарыбыздын өлүмүнө күнөөлүүлөр жана өз учурунда тиешелүү чара көрбөгөндөр жазага тартылсын. Биз жакшы врачтарга иштөөгө мүмкүндүк берилип, аларга карата куугунтукту токтотууну талап кылабыз», — деп жыйынтыктады ал.

Мадамин Каратаев болсо Kaktus.media басылмасына маек куруп, кызматка жармашпаганын, жумуштан кетүүгө даяр экенин айттты. Бирок ал митингчилердин айыптарын негизсиз деп атады, себеби «пандемиянын очогунда» иштеген.

«Эмне үчүн, мындайча айтканда, бирөөнүн “капризи” үчүн ушундай болушу керек? Ууру экенимди [менин] ким аныктайт? Сотпу? “Киши өлтүргүч” деп дагы айтып жатышат. Мен эмне унаа менен тепселедимби [кимдир бирөөнү] же ок аттымбы?» — деп ачууланды ал.

Аткаминерлер жана пандемияга даярдык көрүүдөгү чабалдык үчүн жоопкерчилик

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча маморгандар менен муниципалитеттин ишин текшерген ведомстволор аралык комиссиянын маалыматына ылайык, COVID-19га каршы күрөштүн алкагында 14 кылмыш иши козголголгон.

Бирок чоң кызматтарды ээлеген чиновниктердин эч кимиси ТИЗОго киргизилген жок жана бир дагы адам азырынча соттолгон эмес.

Болгону пандемия башталган убакта COVID-19га каршы күрөшүү Республикалык штабын жетектеген мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев эч жакка кетпөө тил катын жазган. Финпол ага эмне себептен чек араны кесип өтүүгө тыйуу салганы айтылган эмес.

Бирок Абылгазиевдин пандемияга байланышкан «Шалаакылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин фигуранты экени белгилүү — кылмыш иштери коомчулуктун кайрылууларынан кийин козголгон. Бул иштер боюнча тергөө кандай болуп жатканын Башкы прокуратура айта элек.

Пандемияга даярдык көрүүдө шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча шектелип жаткан мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев азыр үй камагында.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Чолпонбаевди кызматынан 2020-жылдын 1-апрелинде кызматтан бошоткон. Ага коронавирустун алдын-алууга тийиштүү денгээлде даярдык көрбөгөндүгү үчүн Коопсуздук кеңештин сунуштамасы негиз болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчысы өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирген. Бирок 2020-жылдын февраль айында COVID-19 илдетинин өлкөгө жайылып кетүүсүн болтурбоого керт башым менен жооп берем деп убадалаган болчу. Ага карабай, бир айга жетпеген аралыкта жуктуруунун алгачкы учурлары каттала баштаган.

Андан тышкары, COVID-19 менен күрөшүүчү Республикалык штабдын курамына кирген жана мектептер жабылбайт, азык-түлүк жетишсиздиги орун алат деп дүрбөлөңгө алдырууга негиз жок деп билдирген мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова дагы финполдун сурагына кирип чыккан. Буга чейин Коопсуздук кеңеши Жээнбековго коронавирус менен күрөшүүдөгү чабал иши үчүн Өмүрбекованы Чолпонбаев менен кошо кызматтан алууну сунуштаган. Экс-президент Коопсуздук кеңештин сунуштамасын орундаткан.

2020-жылдын жай айларында Өмүрбекова пандемия учурунда фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө ишинин алкагында Кытайдан келген гумжардамды бөлүштүрүү маселеси боюнча дагы суракка чакырылган. Ал кылмыш ишинин фигуранты болдубу же камакка алынганбы-жокпу, эч кандай маалымат айтылган эмес.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, 2021-жылдын 25-январына карата Кыргызстанда 1401 адам коронавирустан каза тапкан. Жалпысынан 83 971 COVID-19 жуктурган же пневмонияга кабылган учур катталган. 80 025 адам айыгып чыккан.

Тема боюнча окуңуз: Өлүм саны азайтылып, даярдык болгон эмес. COVID-19га каршы күрөштү иликтеген комиссиянын бүтүмү