Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун жаңыртууга 110 млн сом бөлүнөт

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы мамлекеттик сатып алуулар сайтына Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) жаңылап бере турган адистерди издеп жатканы тууралуу билдирме илди.

Долбоордун ТЭНин кайра баштан жасоо үчүн ал жактагылар 110 млн сом төлөп берүүгө даяр. Бул долбоор Ысык-Көл жана Нарын болусу үчүн кандай маанилүү экенин айтып беребиз.

Эмне болгон долбоор?

2020-жылы жайында Транспорт министрлиги 186 чакырымды түзгөн Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулуш долбоорун коомдук талкууга койгон.

Ал көмүрдү Кара-Кечеден Балыкчыга түз алып чыгууга, ал жерден кайра Бишкек ЖЭБине жана башка объектилерге, анын ичинде башка калктуу конуштарга ташууга жол берет. Азыр Кара-Кеченин көмүрү оор жүк унаалары менен Балыкчыга чейин алынып келинип, андан соң вагондорго жүктөлүп Бишкекке жана башка пункттарга жеткирилет.

Транспорт министрлиги бул ыкманы абдан кымбат деп эсептейт, себеп дегенде көмүр жүктөлгөн унаалар өткөндүктөн эки облустун жолдору тез жарактан чыгууда. Анын үстүнө көмүрдүн өзү дагы бир жерден башка жерге жүктөлгөндө жабыркайт.

Мындан тышкары, Балыкчыда вагондорго жүктөлүп жатканда көмүрдөн чыккан чаң Ысык-Көлгө жана ага жакын аймактарга жетип, региондун экологиясы менен көл акваториясына зыян тийгизип жатат.

Жаңы темир жолдун баасы канча болот?

Транспорт министрлигинин экс-башчысы Жанат Бейшенов маалымкат-негиздемеде министрлик ТЭНдин болжолдуу вариантын даярдатуу үчүн бир нече компанияга кайрылганы тууралуу маалыматтарды айткан.

1992-жылы бул жолдун долбоорун түзгөн жана кийин кайра жаңылап берген Казакстандын ТОО «Транспроект-К» компаниясы 2015-жылы иштин көлөмү жана долбоордун наркы боюнча жаңыланган маалыматтарын көрсөткөн. Казак компаниясынын маалыматына ылайык, курулуштун баасы 1 км үчүн 5,2 млн долларды түзгөн.

«Экономика институту жана транспортту өнүктүрүү» АКы (Орусиянын темир жолдору ААКнын туунду компаниясы) 2019-жылы курулуштун Балыкчы — Кочкор тилкеси боюнча гана баасын Орусиянын стандарттары боюнча 5,3 млн долларга баалаган. Ошол эле компания ооган стандарттары боюнча иштин баасы 4,3 млн долларга бааланарын эсептеп берген (Ооганстанда ушундай эле долбоор бар, ал Мазари-Шариф — Герат деп аталат).

Ошондой эле, Монголиянын Зуунбайан линиясын куруудагы тажрыйбасы мисал катары келтирилген — бул Кытайга көмүр экспортто үчүн көмүр чыгуучу Таван-Толгой кенинен монгол-кытай чек арасындагы Гашуунсухайт өткөрмө бекетине чейинки жол.

Белгилүү болгондой, Монголияда курулушту мамлекеттик «Эрдэнэс Таван-Толгой» (жер казынасын пайдалануучу) жана «Железная дорога Таван-Толгой» компаниялары ишке ашырган.

«Өз күчүбүздү жана каражаттарды пайдалануу менен [бул долбоорго] курулуш иштеринин чыгымы үнөмдөлүп жатат. Ага ылайык, 1 км жолдун наркы 1,3 млнду түзөт. Чет элдик инвесторлор менен жалданма компаниялар болсо 1 км жолго 3-3,5 млн деген бааны сунушташкан», — деп белгилеген Бейшенов долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Кыргызстан жаңы жол курууга каражатты кайдан алат?

«Кыргыз темир жолу» жолду «каржылоо булактарынын ички жана сырткы булактарын мобилизациялоо» аркылуу курууну сунуштаган. Анын ичинде өздүк каражаттарга. Негизги шарт, мамлекеттик мекемелер кирешенин 50%ын мамлекеттик бюджетке төгүүдөн бошотулушу керек.

Ишкана 10 жыл ичинде (2010-2019) мамлекеттик бюджетке 2,4 млрд сом төккөн. Бул таза кирешенин бөлүгү, ошондо жылына 662 млн сом төгүлүп турган.

«Кыргыз темир жолу» минтрансттын башчысынын долбоорунда «бул каражаттар толугу менен долбоордогу жол куруу иштерине же болбосо долбоорду ишке ашыруу үчүн кошумча (насыя) каражаттар тартыла турган болсо, насыяны төлөөгө жумшоону» сунуштаган.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы акыркы жылда бир катар коррупциялык чырлардын чордонунда калган.

«Кыргыз темир жолундагы» чуулар

26-ноябрда мекеменин 10 чакты кызматкери митингге чыгып, «Кыргыз темир жолунун» башкы директор Василий Дашковдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Алардын айтымында, Дашков акча адалдаштырууга жана ишканадагы коррупцияга аралашкан болушу мүмкүн.

Ага чейин 2020-жылдын февраль айында мамлекеттик мекеменин күзөт кызматкерлери жетекчиси Нурлан Тамаевдин дагы отставкасын талап кылышкан. Алар массалык кызматтан бошотууларга, жетекчинин кесипкөй эместигине даттанып, жумуш орундары сатылып жатышы мүмкүн экендигин билдиришкен.

Тамаев өзү айыптоолорду четке кагып, кызматкерлери айткан сындарды жумуштан бошотулгандардын ызасына шылтаган.

УКМК 15-июнда «Кыргыз темир жолунун» Дашковго чейинки башчысы Канатбек Абдыкеримовду дагы кармаган. Ал «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектелген.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамишкананын жооптуу кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу мамсатып алуулар жогорулатылган баалар боюнча жүргүзүлгөн, ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси түзүлгөн келишимдин суммасынын 8%дан 15%га чейинки өлчөмдөгү акчасын алып турган.

Ошондо комитеттен ишкананын мурдагы башчысы товардык-материалдык баалулуктарды сатып алууга каралган ар жылдык бюджетти негизсиз 1,5 млрд сомго чейин жогорулатканын белгилешкен.

Анда келтирилген чыгымдын сумасы 22 миллиондон ашат деп бааланган. Жалпысынан «Кыргыз темир жолунун» мурдагы жана азыркы жетекчилигенен төрт адам жана камсыздоочу компаниянын бир өкүлү кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«11,7 млн сом зыянды төгүп берди». «Кыргыз темир жолунун» аткаминери үй камагына чыкты