«11,7 млн сом зыянды төгүп берди». «Кыргыз темир жолунун» аткаминери үй камагына чыкты

УКМК «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Юнусов мамлекетке келтирген 11,7 млн сомдун ордун тургузуп бергенин билдирди. Юнусов убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, үй камагына чыкты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, «Кыргыз темир жолунун» Туштүк бөлүмүнүн мурдагы жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан туруктуу коррупциялык схема жолго коюлган. Ага ылайык, чарбалык субъектилердин катышуусунда мамлекеттик сатып алууларды атайылап кымбат баада сатып алуу аркылуу акча каражаттары чыгарылып турган.

УКМКнын маалыматына караганда, мамлекеттик сатып алуулардын айрымдары боюнча гана 11,7 млн сом зыян келтирилген.

Юнусов 2020-жылдын 14-декабрында кармалып, 2021-жылдын 14-фералына чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. УКМК аткаминер тагылган айыптын бардыгын мойнуна алганын кабарлады.

«Кыргыз темир жолундагы» чуулар

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы буга чейин дагы бир нече жолу коррупцияга байланышкан чууларга аралашып келген. 26-ноябрда мекеменин 10 чакты кызматкери митингге чыгып, башкы директор Василий Дашковдун отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Алардын айтымында, Дашков акча адалдаштырууга жана ишканадагы коррупцияга аралашкан болушу мүмкүн.

Андан мурда 2020-жылдын февраль айында мамлекеттик мекеменин күзөт кызматкерлери жетекчиси Нурлан Тамаевдин дагы отставкасын талап кылышкан. Алар массалык кызматтан бошотууларга, жетекчинин кесипкөй эместигине даттанып, жумуш орундары сатылып жатышы мүмкүн экендигин билдиришкен.

Тасмаев өзү айыптоолорду четке кагып, кызматкерлери айткан сындарды жумуштан бошотулгандардын ызасына шылтаган.

УКМК 15-июнда «Кыргыз темир жолунун» Дашковго чейинки башчысы Канатбек Абдыкеримов дагы кармаган. Ал «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектелген.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамишкананын жооптуу кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу мамсатып алуулар жогорулатылган баалар боюнча жүргүзүлгөн, ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси түзүлгөн келишимдин суммасынын 8%дан 15%га чейинки өлчөмдөгү акчасын алып турган.

Ошондо комитеттен ишкананын мурдагы башчысы товардык-материалдык баалулуктарды сатып алууга каралган ар жылдык бюджетти негизсиз 1,5 млрд сомго чейин жогорулатканын белгилешкен.

Анда келтирилген чыгымдын сумасы 22 миллиондон ашат деп бааланган. Жалпысынан «Кыргыз темир жолунун» мурдагы жана азыркы жетекчилигенен төрт адам жана камсыздоочу компаниянын бир өкүлү кармалган.

Ошондой эле УКМК тарабынан 9-январда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип активист Мелис Аспеков менен ишкер Улан Жураев кармалган.

Аспеков менен Жураев кармалгандан кийин УКМК бул эки адамдын опузасына кабылгандар болсо атайын кызматка кайрылууну өтүнгөн. Көп өтпөй эле 10-январда Биринчи май райондук соту Аспеков менен Жураевди эки айга, тагыраагы 9-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтыруу чечимин чыгарган. Ал эми 26-январда Улан Жураев үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.