Бишкекте катары менен үч митинг өтүп жатат

1-февралда Бишкекте катары менен үч митинг өтүүдө — эки митинг Өкмөт үйүнүн алдында болсо, бирөөсү Жогорку соттун алдында өтүп жатат.

Чогулгандар маселелерине көңүл бурууну талап кылууда. Октябрь окуяларынан кийин бийлик митингчилердин айрым маселелерин чечип берүүнү убада кылган. Митингчилерди эмне түйшөлтүп жатат?

«Каравандын» тагдыры

«Караван» соода борборунун соодагерлери ижара келишимине байланыштуу маселени чечип берүү талап кылышты. Митингге 100гө чукул адам катышты.

Сүрөт: 24.kg

Ижарачылардын бири Дамира Абдиеванын айтымында, жакында эле аларга орунжайларды бошотуу талабы коюлган кезектеги билдирме келген.«Биз акыркы жолу митингге чыкканда өкмөттүк комиссия түзүлгөн болчу, анын жыйынтыгы кандай болгонун билбейбиз. Бизге бир эле нерсе керек, тынчырак иштетишсин, укуктарыбыз келишим жана мыйзамдар менен корголсун», — деди ал.

Ушуну менен аталган соодар борбордун ижарачылары төртүнчү жолу митингге чыкты. Акыркы жолу 2020-жылдын ноябрында вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева митингге чыккан ижарачыларга жардам берерин убадалаган.

«Караван» соода борбору мурда Бишекектин экс-мэри Нариман Түлеевге таандык болгон. Кийин, 2013-жылы сот саясатчыны коррупциялык кылмыштарга күнөөлүү деп таап, соода борборун конфискациялаган.

Учурда «Караван» соода борбору мамлекеттин карамагында: «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын балансында, ал жылына 74 млн сомго чейин киреше алып келет.

2020-жылдын жаз айларында соода борбору ижарачылар үчүн электрондук тоорукка коюлары белгилүү болгон. Андыктан 2020-жылдын 15-августунан тартып мурдагы ижарачылар карыздарын төгүп, имаратты бошотуп берүүсү керек. Билдирүүдө ижарачылар электрондук тооруктан ижарага алуу укугун сатып алса боло турганы айтылган. Бирок алардын буга чач-кирпиги чак келери күмөн.

Жер бөлүп берүү талабы

Ижарачылардан тышкары өкмөт үйүнүн алдына митингге жер берүүнү талап кылган 100гө чукул адам чыкты.

«Аламүдүн районун айыл өкмөтүндө жер алабыз деп мага окшоп кезекте тургандар көп, он жылдан ашты. Ала албай келебиз. Көптөр жерди сатып дагы алышкан. Бирок, уруксат берүүчү кагаздары жок. Бул ачык эле талап-тоноочулук», — дейт акцияга катышкан Бактыгүл Өмүралиева.

Жаматтык кошуундар федерациясы (профсоюздар федерациясы)

Жогорку соттун имаратынын алдына Жамааттык кошуундар федерациясынын мурдагы төрагасы Мирбек Асанакуновдун 30дай тарапташы чыкты.

«Биз сот адлеттигине жана ал Асанакуновду жалгыз мыйзамдуу төрага деп чечим чыгарып берет ишенебиз. Биз ага колдоо көрсөтүү үчүн чыктык», — деп билдирди митингчилердин бири.

Сүрөт 24.kg.

Асанакунов аталган тармактын башчылыгынан четтетилгенден бери ызы-чуулар токтобой келет. Федерация мүчөлөрү Мирбек Асанакунов укук коргоо органдары менен парламент депутаттарын колдонуп кысмакка алып жатканы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

25-декабрда Жамааттык кошуундар федерациясында эки кезексиз съезд өтүп, анда эки башка федерация башчысы дайындалган — биринде Мирбек Асанакунов, экинчисинде Сагын Бозгунбаев шайланган.

Бозгунбаев Кыргызстандын жаматтык кошуундар федерациясынын башчысы катары Юстиция министрлигинде катталган. Бирок Асанакуновдун тарапташтары жаңжал чыгарып, ага иштөөгө мүмкүндүк берген эмес.

Бүгүнкү күндө федерация башчысын шайлоо боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.