Кесиптик кошуундар федерациясында кайрадан чыр чыкты

4-январда Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын (КККФ) үйүндө чыр чыкты. КККФтеги курулуш тармагынын башчысы Элдияр Карачаловдун айтымында, окуя ал жана КККФтин жаңы башчысы болуп дайындалган Сагын Бозгунбаев өз жумуштарына келгенде болгон.

Карачалов Бозгунбаев экөөнү «асанакуновчул» тараптар жетелеп чыгарып коюшканын айтып берген.

*Кесиптик кошуундар федерациясында бирдиктүү жетекчи дайындалгандан бери жаңжал басылбай жатат. Ушул себептүү 25-декабрда федерацияда эки бөлөк съезд өтүп, эки жетекчи дайындалган. Алардын бири Мирбек Асанакунов болсо, экинчиси Сагын Бозгунбаев.

«Биз милицияга арыз жазуу үчүн иш бөлмөбүзгө келгенибизде эки киши жулунуп кирип, күч менен имараттан сүйрөп чыкты. Жаракат алдык, кээ биринин деми кысылып жатат. Бирок милиция имараттын ичинде турса дагы эч кандай чара көргөн жок», — деп билдирди Карачалов.

Ал мушташ учурунда 5 адам жабыр тартканын, алардын арасында Карачалов өзү жана Бозгунбаев дагы бар экенин кошумчалады.

«Акипресс» басылмасы дагы Кошуундар үйүндө мушташ чыкканын кабарлады. Ал эми Бозгунбав белгисиз адамдар аны иш ордуна жолотпой жатканын билдирген. Окуя болгон жерге патрулдук милиция кызматкерлери дагы келген.

Кесиптик кошуундар федерациясындагы жаңжал

Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясындагы жаңжал 2020-жылдын декабрынан бери уланып келет. Уюмдун өзүнөн билдиришкендей, мурдагы жетекчи Мирбек Асанакунов мекемеге келип, өз билемдик менен жетекчинин ордун ээлеп алган.

Мындан тышкары, курулушчулар кесиптик кошуунунун башчысы Элдияр Карачалов буга чейин Асанакунов уюмду начар абалга алып келгенин жана кызматынан 2020-жылы кетиши керектигин билдирген.

Ал эми Асанакуновдун тарапташы — Жээнбек Осмоналиев эч кандай рейдерлик басып алуу болгон эмес деп маек берген. Анын айтымында, кесиптер кошуунунун жетекчиси жок калгандыктан бардык акча жана финансылык операциялар токтотулган. Мындан улам профсоюз кызматкерлери дээрлик бир жыл бою каржыланбай калган.

Ошондой эле, ал 10-декабарда өткөн кеңешмеге 14 адам катышканын кошумчалаган. Ошондуктан Асанакуновдун тарапташтары ал өз ордуна кайтып келип, алардын маселесин чечип берет деген бүтүмгө келишкен.

25-декабрда КККФда эки кезексиз жыйын өтүп, анда федерациянын эки башка жетекчиси шайланган — биринчисинде Асанакунов, экинчисинде Бозгунбаев.