Рейдерликке айыпталган Ош облусунун прокурору Улук Өмүрзаков башка жакка кетпөө шарты менен бошотулду

Ош облусундагы көмүр кенин басып алууга шектелип кармалган улук прокурор Улук Өмүрзаков эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады.

Анын айтымында, Биринчи май райсоту Өмүрзаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин 30-январда кабыл алган.

Өмүрзаковдун кармалышы

Улук Өмүрзаков – ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси. Ал улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан 2020-жылдын 12-ноябрында Оштогу көмүр казган «Жол-Чырак и Ко» компаниясын рейдерлик басып алууну уюштурууга айыпталып кармалган. Ошондой эле, прокурор менен биргеликте «Мухаммед Умар» спорт клубуна байланышы бар төрт киши кармалган. Алар дагы ишканына басып алууга шектелип жатышат.

Улук Өмүрзаков кармалгандан кийин 17-ноябрда онго жакын тарапташы маалымат жыйын куруп, Өмүрзаковду тез арада үй камагына чыгарууну талап кылып, эгер талап аткарылбаса «жаштар көтөрүлүп чыгат» деп билдиришкен.

Өмүрзаковдун үстүнөн 12-октябрда «Жол-Чырак и Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрү Алмас Жоробеков жана Муратбек Исраилов арыз менен кайрылган. Алар аталган компанияны Кутман Шермат уулу аттуу киши басып алганына даттанышкан.

Ошондой эле бул ишке Улук Өмүрзаковдун да тиешеси бар экенин айтышып, ал ээлик кылган «Мухаммед-Умар» коопсуздук агенттиги «кендин чыныгы ээлерин ишканага кирүүгө тоскоолдук кылып жатканына» даттанышкан.

Шаардык соттон жана милициядан Шермат уулу учурда издөөдө экенин айтышкан — ал сот тарабынан «Алдамчылык» жана «Мыйзамсыз ишкердикке» айыпталган.

Ал эми Улук Өмүрзаков жана Шермат уулунун адвокаты көп өтпөй маалымат жыйын курушкан. Анда Өмүрзаков кенди басып алуу боюнча айыпты четке каккан. Ал эми Шермат уулунун жактоочусу анын кардарына карата куугунтук болуп жатат деп билдирген. Ошондой эле, Шермат уулу аталган компания менен келишимдин негизинде гана иштеп жатканын кошумчалаган.