УКМК: Оштун прокурору Улук Өмүрзаков рейдерлик басып алууга айыпталып кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 12-ноябрда Ош облусунун улук прокурорун Оштогу көмүр казган «Жол-Чырак и Ко» компаниясын рейдерлик басып алууну уюштурууга айыптап кармады. Ошондой эле, прокурор менен биргеликте ишке тиешеси бар төрт киши кармалган.

УКМКнын пресс-релизинде Ош облусунун улук прокурору Ө.У. деп белгиленген. Бул инициал ИИМдин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаковго туура келет.

«Шектүүлөр президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Оштун эли менен жолугушуу учурунда [жолгушуу 3-ноябрда өткөн — ред.] Ош облустук прокуратурасынын кызматкерине даттанган тургундун билдирүүсү боюнча текшерүү иштеринин алкагында кармалды», — деп маалымдады атайын кызмат.

Алдын ала иликтөөнүн негизинде «Мухаммед Умар» спорт клубунун кызматкерлери 2020-жылдын январында көмүр казган «Жол-Чырак и Ко» компаниясынын аймагына кирип, 82 млн сомдук көмүр кенин мыйзамсыз казып алышкан. Ошондой эле, бул үчүн эч кандай салыктар жана социалдык төлөмдөр аткарылган эмес.

21-октябрда Оштогу көмүр казган «Жол-Чырак и Ко» компаниясынын ээлери маалымат жыйын куруп, аларга тиешелүү карьерди жана компанияны Кутман Шермат уулу басып алганын айтышкан. Ошондой эле кенди «Мухаммед Умар» коргоо агенттигинин кызматкерлери коргоого алып, анын ээлерин киргизбей жатканын билдиришкен.

Бул ишке ИИМдин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков жана анын иниси Улук Өмүрзаковдун тиешеси бар деп айыпташкан. Анткени агенттикке жана спорт клубга Өмүрзаковдор ээлик кылат.

Компаниянын уюштуруучусу Муратбек Исраилов «кенди тартып алган» Шермат уулуна облустук милиция жана финполиция иш козгоп, иш Ош шаардык сотко өткөн дейт.

Шаардык соттон Шермат уулу «Алдамчылык» жана «Мыйзамсыз ишкердикке» айыпталып, бөгөт коюу чарасы катары кармалган күндөн тарта тергөө абагына киргизүү токтому кабыл алынганын тастыкташкан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Шермат уулу издөөгө алынганын айтып, ал эми Сүйүн Өмүрзаковдун бул окуяга тиешеси жок деп ишендиришкен.

Көп өтпөй улук прокурор Улук Өмүрзаков жана Шермат уулунун адвокаты маалымат жыйын курушкан. Анда Өмүрзаков кенди басып алуу боюнча айыпты четке каккан. Ал эми Шермат уулунун жактоочусу анын кардарына карата куугунтук болуп жатат деп билдирген. Ошондой эле, Шермат уулу аталган компания менен келишимдин негизинде иштеп жаткандыгын кошумчалаган.

Бирок арыздануучулар келишимдин мөөнөтү бүткөнүнө карабастан Шермат уулу карьерди бербей жатат деп нааразы болушкан.

Тема боюнча:

«Чоң мафия турат». Ошто көмүр казган компаниянын ээлери карьерди кайтара албай убара