Болотбек Марипов / Асамидин Марипов / Улукбек Марипов / Бакытбек Марипов

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин премьер-министр кызматына жактырды. Ал эми парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитетинин 2-февралдагы жыйынында өкмөттүн жаңы курамы каралды. Эртең, 3-февралда, Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү бекитет.

«Клооп» ачык булактарга таянып Мариповдун эмгек жолу, анын үй-бүлө мүчөлөрү жана расмий кирешелери тууралуу маалыматтарды бир жерге чогултту.

Эмгек жолу жана Шадиев менен байланышы

Аскарбек Шадиев

Улукбек Мариповдун талапкерлиги премьер-министрликке сунушталгандан тарта бир катар ЖМКлар экс-вице-премьер Аскарбек Шадиев анын «өкүл атасы» болгонун жазып чыгышты.

Биринчи май райондук соту 2018-жылдын декабрь айында Шадиевди «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Шадиев ага карата кылмыш иши козголгонго чейин Тажикстандын чек арасынан өтүп, АКШга чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми конфискациялана турган мүлктүн баасы 1,8 млрд сомду түзгөн.

Өкмөт башчылыкка талапкердин атасы Асамидин Марипов Шадиев уулунун «өкүл атасы» делген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, мурда Ноокат районунда «өкүл ата» деген түшүнүк да болгон эмес.

Улукбек Мариповдун мамлекеттик кызматтагы карьерасы 2001-жылы Каржы министрлигинде башталган. Кийинчерээк, 2002-жылдын июнь айында, аталган министрликтин башчысынын орун басары болуп Аскарбек Шадиев дайындалган.

Ошол эле жылдын октябрь айында Шадиев Каржы министрлигинин алдындагы киреше комитетин жетектей баштаган, ал эми бир айдан кийин Мариповду өзүнүн жардамчысы кылып дайындаган. 2003-жылы Шадиев Баткен облусунун губернатору болуп дайындалып, Мариповду кайрадан жардамчы кылган.

2005-жылы Шадиев мурдагы президент Аскар Акаевдин «Алга, Кыргызстан!» партиясынан депутаттык мандатка ээ болгон. Ошол жылдары Улукбек Марипов «депутаттын консультанты» болуп иштегени көрсөтүлгөн — айрым ЖМКлар ал Шадиев менен иштеп жүргөнүн жазышты.

Арадан бир жыл өтүп Улукбек Марипов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясында иштеп баштаган, ал эми Шадиев 2007-жылы «Ак жол» партиясынан парламенттин төртүнчү чакырылышына шайланып келген.

Ал эми 2010-жылы Бакиев өлкөдөн качкандан кийин Марипов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана кийинчерээк өкмөттүн аппаратына иштеген. 2011-2016-жылдары ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппаратта эмгектенген. Ал эми 2016-жылы Марипов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган.

Улукбек Марипов экс-депутат Асамидин Мариповдун уулу

Асамидин Марипов

Мариповдун атасы — Асамидин Марипов Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгери. 2005-жылдын 13-мартында ал Аскарбек Шадиев менен бирге «Алга, Кыргызстан!» партиясынан депутат болуп шайланган.

Паралменттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен өтүп, анын натыйжасында ошол эле жылдын 24-мартында «Жоогазын революциясы» болгон. Мындан улам Акаев өлкөдөн качып кеткен.

2007-жылы Марипов ошол убакыттагы президент Курманбек Бакиевдин «Ак жол» партиясына кошулган — аталган партия парламенттеги 90 мандаттын 71ине ээлик кылган. Ал эми 2008-жылдын октябрь айында ал Ноокат районунун акиминин орун басары болуп дайындалган. Бирок эки жылдан кийин өлкөдө дагы бир төңкөрүш болуп, Бакиев дагы Кыргызстандан качып кеткен.

Асамидин Мариповдун аты «Клооптун» иликтөөсүндө да аталган — ал 2006-жылы Жогорку Кеңештин башка депутаттары менен Бишкектеги Ататүрк паркында жер тилкеге ээ болгон. Бирок Марипов журналисттерге бул тилке тууралуу эсинде жок экенин айткан.

«Бизге парламенттин депутаттарын жер тилкелери менен сыйлап жатышат дешкен. Андан кийин [президент парламентти таратканда] өз аймактарыбызга кеткен элек, ошондуктан билбейм», — деген Марипов.

Чынында эле бүгүнкү күнгө чейин ал жерде курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес.

«Ататүрк» паркындагы Асамидин Мариповго караштуу жер тилке. Сүрөт: «Клооп» 

Улукбек Мариповдун туугандары

«Спутник» басылмасы Улукбек Мариповдун үч эжеси жана бир иниси бар экенин жазды. Мындан сырткары Мариповдун аялы Назгүл Марипова Жогорку Кеңештин тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүндө иштегени айтылууда. Алардын эки уулу жана эки кызы бар.

Мариповдун иниси, 32 жаштагы Бакытбек Марипов, 2020-жылдын 16-ноябрында Ноокат районунун акими болуп дайындалган. Буга чейин ал райондогу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн жетектеп келген — бул Мариповдордун кичи мекени.

Бакытбек Марипов

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесинде мамлекеттик кызматкерге «аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна» тыюу салынаары көрсөтүлгөн.

Ал эми «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамга ылайык, райондордун акимдери премьер-министрге баш ийет. Улукбек Марипов премьер-министрликке дайындалса Бакытбек Мариповдун бул кызматта калуусу кызыкчылыктар кагылышын жаратат.

Улукбек Мариповдун бир тууган эжеси Жамила Марипова Бишкектеги Перинаталдык борбордун башкы дарыгери болуп иштейт.

Премьер-миинстрге талапкердин дагы бир эжеси Акбермет Марипова тууралуу ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Улукбек Мариповдун атасынын агасы Арапбай Марипов өткөн жылдын июнь айында көз жумган. Арапбай Марипов физика-математика илимдеринин доктору, профессор жана Нью-Йорк Илимдер академиясынын академиги болгон.

Арапбай Мариповдун баласы Болотбек Марипов алгач «Толубай» банкынын директорлор кеңешмесинин мүчөсү, кийинчерээк «Общественный рейтинг» гезитинин журналисти болуп иштеген. Ал 2005-жылы оппозициячыл саясатчы катары 2005-жылы парламенттик шайлоого катышып, үчүнчү чакырылыштын депутаты болгон. Ошондой эле Марипов 23-мартта митинг уюштуруп, милиция тарабынан кармалганы кабарланган.

Болотбек Марипов 31-январда фейсбук баракчасында Улукбек Мариповго ийгилик каалап пост жарыялады.

Мариповдорго байланыштуу чуу

2017-жылдын август айында Райкан Салиева аттуу тургун Ош шаарында басма сөз жыйын куруп, Мариповдордун үй-бүлөсү анын Эрлан жана Элдар аттуу неберелерин эки жарым жыл кулчулукта кармаганын айтып чыккан. Салиеванын маалыматы боюнча, балдар 200гө жакын мал карап сарайда жашаган. Мындан сырткары Салиева балдар Мариповдор тарабынан «ур-токмокко алынган» деп белгилеген. Ал кызмат акысы да төлөнгөн эмес деп ишендирген.

Асамидин Марипов бул айыптоолорду четке кагып, Эрлан жана Элдар тоногон дүкөндүн зыянын толуктаганын айткан. Ошондой эле экс-депутат балдар менен келишим түзүп, ай сайын 5 миң сомдон төлөп турганын кошумчалаган.

Асамидин Марипов коронавирус пандемиясы менен күрөшкөнү үчүн экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Мариповдун кирешелери

Улукбек Марипов 2015-жылдан тарта салык декларациясын тапшыра баштаган. «Декларатор» сайтындагы маалыматка ылайык, ал 2015-жылы 840 миң сом киреше алган. Мындан сырткары ал мүлк катары бир гана 2006-жылкы «Тойота-Хайлендер» унаасын көрсөткөн.

Ал эми Марипов 2016-жылы Эсептөө палатасында иштеп баштагандан кийин 1,2 млн сом киреше алганын көрсөтүп, унаасынан сырткары 3,5 гектар жерге ээлик кылаарын белгилеген. 2017-жылы Мариповдун мүлкүнө дээрлик 1,2 млн сомдук бодо мал жана кой-эчки кошулган.

2018-жылы Мариповдун жылдык кирешеси 1,8 млн сомду түзүп, 122 гектар айыл чарба багытындагы жана башка жер тилкелерге ээлик кылганы көрсөтүлгөн.