Чоң-Алайга аким болуп мурдагы салык кызматкери дайындалды

Чоң-Алай районунун акими Өскөнбай Мамажакыпов

Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими болуп Өскөнбай Мамажакыпов дайындалды. Аталган маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова тастыктады.

Анын айтымында, тиешелүү буйрук администрацияга 17-ноябрда келип, жаңы дайындалган аким бүгүн жамаатка тааныштырылат.

Мамажакыпов буга чейин аталган райондун салык кызматынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ошондой эле, ал киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Баткен облусунун мурдагы прокурору маркум Анарбай Мамажакыповдун иниси.

Ошто жаңы акимдердин дайындалышы

Буга чейин Чоң-Алай районун акими болуп Жумадилла Жапаров иштеген. Кадырбекова Жапаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу берген арызынын негизинде иштен бошотулганын билдирди. Ал Чоң-Алай районун 2015-жылдан бери жетектеп келген.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу жана примьер-министр болгондон кийин бир нече райондордун жетекчилерин алмаштырган. Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов кызматынан бошотулуп, ордуна Нуралы Курмантаев дайындалган. Дыйкановдун эмне себептен иштен алынганы тууралуу маалымат ачыкталган эмес.

Ошондой эле, Ноокат районунун акими болуп 16-ноябрда 32 жаштагы Бактыбек Марипов дайындалган. Ал эми мурдагы аким Давранбек Маматалиев ден солугуна байланыштуу кызматын тапшырганы айтылган.

Өзгөн районунун администрация башчылыгына Руслан Мейматкулов дайындалган. Мындан сырткары, Алай районунун акимин Садыр Жапаров ыйгарым укуктарын тапшырарда алмаштырды. Аталган районго жетекчи болуп 13-ноябрда Алтынбек Болбур уулу дайындалган.

Ал эми Кара-Суу районун учурда мурунку аким Тилек Матраимовдун орун басары Капар Адиев башкарууда. Аталган райондун жетекчилигине буга чейин Эрмат Исмаиловдун талапкерлиги каралып жаткан. Анын тарапташтары Ош облустук администрациянын алдында 12-ноябрда чогулуп, Исмаиловдун Кара-Сууга аким болушун талап кылышкан.