Кара-Суу: 81 жаштагы карыяны сабаган киши алты жылга кесилди

Айыпталучу

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту 81 жаштагы пенсионерди ур-токмокко алган кишини алты жылга эркинен ажыратты. Өкүм Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

36 жаштагы айыпталуучу «Ден соолукка оор зыян келтирүү» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренелери менен күнөөлүү деп табылды. Мындан сырткары ага 70 миң сом айып салынды.

Айыпталуучу 2020-жылдын 14-августунда жабырлануучуну дүкөндүн алдында сабаган. Кылмыш байкоо камераларына жазылып калган. Карыя 18-августта ооруканага кайрылгандан кийин дарыгерлер милицияга кабар беришкен.

Кара-Суу РИИБи бул окуя боюнча алгач «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүүнү 25-августта өз үйүндө кармашкан. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, укук коргоо органдарынын биринин денесине жаракат келтирген.

Соттук отурумда айыпталуучу ошол күнү мас абалда карыяны сабаганын моюндап, бирок милиция кызматкерлерине зомбулук көрсөтпөгөнүн билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары анын үйүнө келишип, эч нерсени түшүндүрбөстөн күч колдоно башташкан.

Тергөө маалында 36 жаштагы тургун мурда үч ирет «Уурулук» жана «Мал уурдоо» беренелери менен соттолгону белгилүү болгон.