Милиция Кара-Сууда 81 жаштагы карыяны сабаган шектүүнү издеп жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыя сабалды. Окуя 14-августта болгон, бирок жабыркаган адам ооруканага 18-августта кайрылган.

«Медиктер бейтап тууралуу милицияга кабарлашкан. Факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси боюнча КЖБРге катталды», — деп билдирди Ош ОИИБи.

Улгайып калган адамдын сабалып жатканы видео байкоо жүргүзгөн камерага түшүп калган. Аны тепкилеп, сабаган адам 36 жаштагы жергиликтүү тургун экени белгилүү болду.

Мындан тышкары, кол салган жаран дудук экени жана ал Бишкекке качып кеткен аныкталды. Учурда издөө иштери уланып жатат.