Кара-Сууда 81 жаштагы пенсионерди ур-тепкиге алган киши кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районунда 25-августта карыяны ур-тепкиге алган 36 жаштагы тургун кармалды. Ал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, милиционерлер шектүүнү өз үйүнө кармашкан. Бирок ал каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, укук коргоо органдарынын биринин денесине жаракат келтирген.

Мындан улам ага карата «Бийлик өкүлүн коркутуу» беренеси боюнча да сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү дудук болгондуктан тергөө иштерине котормочу тартылат.

Буга чейин Кара-Сууда аталган тургундун 81 жаштагы Калыбек Исаковду сабап жатканы видео байкоочу камерага түшүп калган. Исаков дүкөндөн чыгып келе жатканда ур-токмокко алынган. Ал эс-учун жоготуп койгондуктан андан ары эмне болгону эсинде жок. Жабырлануучуну үйүнө күйөө баласы Рустам Качыбеков алып келген.

Исаковду ооруканага алып барганда анын буту сынганы аныкталган. Тилда Исакованын айтымында, атасы оор абалда келген. Аксакалдын жакындары шектүү жазасын алышы керек деп эсептешет.

Шектүүгө «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголгон. Ал Бишкек шаарына качып кеткендиктен, милиция издеп жаткан болчу. Ошондой эле шектүү мурда үч ирет «Уурулук» жана «Мал уурдоо» беренелери менен соттолгону белгилүү болгон.