Акыркы суткада коронавирустун жаңы 70 учуру катталды, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 4-февралда коронавирустун жаңы 58 учуру катталганын маалымдашты. 

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 22;

Чүй облусу — 25;

Жалал-Абад облусу — 1;

Ысык-Көл облусунда — 15;

Нарын облусу — 1;

Талас облусу — 1;

Ош облусу — 4;

Ош шаары — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 84 832ге жетти. 

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 187.

Ошондой эле, акыркы суткада 102 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 47, Чүй облусунда — 30, Жалал-Абад облусунда — 3, Ош облусунда — 4, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 15, Баткен облусунда — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 81 334 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 527 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 32 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 617 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан үч COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 418 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча бир медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Ал эми бир сутка ичинде эки медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 180ге жетти, анын ичинен 4 097 медкызматкер илдеттен айыкты.