«Балдарга оору жукса дообуз болбойт». Бишкекте ата-энелер мектептерди ачууну талап кылды

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева 4-февралда калаа мектептери менен бала бакчаларда офлайн окутууну кайтарууну талап кылган ата-энелер менен жолугушту.

Мэриянын алдына митингге чыккан ата-энелер Чыныбаева менен жолугушууда балдарын мектепке жөнөтүүгө даяр турушканын, андан тышкары, кокус балдары коронавурус жуктуруп ооруп кала турган болсо жоопкерчиликти өздөрүнө алышарын айтышты. Бирок алар буга башка ата-энелер макул болбошу мүмкүндүгүн айтып, маселени бардыгы менен кеңешип чечиш керектигин билдиришти.

Ата-энелер мэрия тарабынан мамлекеттик мектептердин бардык класстарына офлайн окууга кайтууга уруксат берилбей жатканына нааразы. Мэрия болсо азырынча окуучуларды мектепке кайтарып, муниципалдык бала-бакчаларды кадимки тартипте иштетип баштоо чечими токтотулганын бир нече жолу кабарлаган.

Учурда калаа мектеринде 1, 4, 9 жана 11-класттардын окуучулары гана кадимки тартипте окуп жатат. Анткен менен бул окуучулардын бир бөлүгү онлайн режимде билим алууда. Ал эми ата-энелер окуучулардын бардыгына бирдей билим берүүнү талап кылышууда.

Жыйынтыгында келе жаткан жумада мэриянын, билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Бишкектин мектеп жана бала бакчаларынын өкүлдөрү ата-энелер менен жолугат. Алар балдар инфекция жуктура турган болсо мамлекетке дообуз жок деген шарт менен мектептерди жана бала бакчаларды ачуу маселесин талкуулашат.

«Ата-энелер онлайн окутуудан чарчашканын айтып, ар бир ата-эне, кокус баласы коронавирус менен ооруп калса жоопкерчиликти өзүнө ала турганы боюнча арыз жазып берет деп сунушташты», — деди «Клооптун» кабарчысына Чыныбаева.

Вице-мэр мэрия окууну жандандыруу үчүн ата-энелер сунуштаган шарттарды мектеп жана ата-энелер комитети менен талкуулай турганын кошумчалады.

«Көпчүлүктүн оюн угабыз, кийинки аптада бардыгына ылайык келген чечим чыгарабыз деп ойлойм», — деп жыйынтыктады Чыныбаева.

Дагы окуңуз:

«Чыдабай калдык». Онлайн окутуу ата-энелерди балдарын сабоого жеткирди — изилдөө

Бишкек мэриясы: Мектептер азырынча толугу менен офлайн режимге өтпөйт