Бишкек мэриясы: Мектептер азырынча толугу менен офлайн режимге өтпөйт

Бишкек мэриясы мектеп жана бала бакчалардын ишин офлайнга өткөрүүдөн баш тартты. Басма сөз кызматтын билдиришинче, бул чечим эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө 1,5,9 жана 11-класстын окуучулары кадимки тартипте окуп жатышат. Башка класстар качан мектепке барары азырынча белгисиз.

«Эпидемиологиялык абал кичине турукташканы менен кубанууга али эрте. Мындан улам калган мектеп окуучулары менен бала бакчаларды кадимки тартипте окутууну жандандыруу чечимин убактылуу токтото туруунучечтик», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Мэрия билдиргендей, COVID-19ге каршы күрөш уланууда.

«Бул аралыкта билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, медиктер жана эпидемиологдор менен бирге абалга тыкыр көз салып, пандемия маалындагы окуу процессине мониторинг жүргүзүп келдик», — деп жазат басма сөз кызмат.

Мэрия шаар тургундарына кайрылып, буга түшүнүү менен мамиле кылууну, социалдык тармактагы жана мессенжердеги фейктерге ишенбей, маалыматты расмий булактардан тактап окууну өтүндү.