«Негиз болбоду». Бакиевдерди кайтаруу боюнча Беларуска жаңы өтүнмө берилген жок — Зулушев

Башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйында октябрь окуяларынан кийин Башкы прокуратура экс-президент Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча Минскке жаңы өтүнмө жөнөтпөгөнүн билдирди.

Анын айтымында, ал баш прокурорлук кызматка келгенге чейин Беларуска жетишерлик сурам жөнөтүлгөн.

«Мен Башкы прокурорлук кызматка келгенге чейинки суроо-талаптар жетишерлик жиберилген. Ал боюнча биздин эл аралык бөлүмүбүз иштерди улантып жатат. Мен иштеп жаткан үч айдын ичинде негиз болбоду, анткени мурда жөнөтүлгөн суроо-талаптардын көбүнө биз жооп ала элекпиз», — деди Курманкул Зулушев.

Курманбек Бакиев 10 жылдан бери Белоруста жашайт — ал 2010-жылы кыргызстандагы бийлигинен кол жуугандан кийин үй-бүлөсү менен Минск шаарына качкан. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта ондогон адамдар курман болгон.

Сот 2013-жылы Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.Бозгун президенттин улуу баласы Марат Бакиев ал убакта Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган. Ал дагы сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган.

Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Бакиевдер кланынын мүчөлөрүнө карата Кыргызстанда кылмыш иштери козголгонуна карабай Александр Лукашенко аны Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет.

Бакиевдерди экстрадициялоо маселеси акыркы жолу 2020-жылдын ноябрында көтөрүлгөн. Анда Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук башкармалыгынын начальниги Асылбек Ахматов эгер Бакиевдер үчүнчү мамлекеттин аймагында кармалса экстрадиция маселеси көтөрүлөрүн билдирип, Беларуска сурам жөнөтүш үчүн бардык документтерди кароого убада берген.

Беларуста Бакиевдер кланынын мүчөлөрү байлар жашаган райондордо жашап, ири бизнестерге аралашып келишет. Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Британиянын Суррей падышалыгында хан сарайга ээлик кылат.