«Скай Мобайлдын» экс-башчысы эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-февралда «Скай Мобайл» ААКнын (Beeline оператору) мурдагы башкы директору Евгений Кражандын баш коргоо чарасын кабыл алды.

Ал 2021-жылдын 12-мартына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Кражан өзү 2-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Ал радиожыштыктардын лицензиясын кайра каттоо жана трансформациялоо үчүн Өкмөттүн аппаратындагы кызмат адамына пара берген деп шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Мамлекеттик байланыш агенттигинин, Өкмөттүн аппаратынын айрым аткаминерлери жана УКМКнын кызмат адамдары жеке компаниялардын өкүлдөрү менен кылмыштуу байланышка барышып, радиожыштыктар спектрин пайдалануу боюнча лицензияны кайра каттатууну «сүрөмөлөшкөн».

Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн Аскер прокуратурасынын менен УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын өкүлдөрүнүн турган ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Мынданды тышкары 1-февралда Аскер прокуратурасы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Чынгыз Бекташев да «Коррупцияга» шектелип кармалганы кабарланган.

Башкы прокуратура билдиргендей, Бекташев 2016-жылдын декабрында байланыш операторуна телекоммуникация жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны берип жиберген.

«Радиожыштык спектри 298 млн 803 миң сомго сатылганына карабастан, жогорудагы берилген лицензиянын баасы болгону 1000 сомду түзүп, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген», — деп маалымдаган ведомство.

Радиожыштыкты сатуу окуясы

Радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоодогу коррупция фактысын Аскер прокуратурасы менен УКМК сотко чейинки өндүрүштү 2020-жылдын башынан тарта жүргүзүп жатат.

Аталган иш боюнча буга чейин өткөн жылдын 12-майында Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова коррупцияга айыпталып кармалган. Ошондой эле, «Ала-ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров жана УКМКнын эки кызматкери да аталган ишке тиешеси бар деп кармалган. Кийинчерек Черногубова менен дагы бир нече кармалгандар үй камагына чыгарылган.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси

Депутат Жанар Акаев Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турган учурда радиожыштыктар «арзыбаган баага» сатылган деп айткан. Ал 2020-жылдын 20-майында өткөн парламенттин жыйынында Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агентигинде радиожыштыктарды пайдаланууга лицензиялардын мыйзамсыз сатылышына тиешеси жоктугун далилдөөнү талап кылган.

Депутат премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми Абылгазиевдин учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда деп айткан.

«Бул иш премьер-министрдин уруксаты жок болбойт, ошондуктан күч түзүмдөрү карап чыгышы керек. Ошондуктан күч органдары бүгүнкү күндөн баштап буга өкмөт башчысынын тиешеси бар-жогун иликтеп башташы керек», — деп билдирген Акаев жыйында.

Анда өкмөттөн ишке комментарий бере алышпасын, себеп дегенде «бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынып калат» деп билдиришкен.

Андан кийин 27-майда Абылгазиев радиожыштыктарды сатуу иши боюнча иликтөөгө байланыштуу эмгек өргүүсүнө кеткенин кабарлаган. Ал күнү Абылгазиев жыштыктарды сатууга тиешеси жоктугун жана «мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоп» жүргөнүн айткан.

Абылгазиевдин айтымында, ал мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келген. Ошондой эле, ал радио жыштыктарын ачык аукциондо сатууну сунуштаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев «Коррупция» жана «Мыйзамсыз баюуга» шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 26-январда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-мартка чейин УКМКнын тергөө абагында камоо чечмин кабыл алган.

Ал 2018-жылдын апрель айында премьер-министр болуп дайындалган. Ал эми 2020-жылдын июнь айында ал «радиожыштыктар чуусуна» байланыштуу кызматтан четтеп турууга аргасыз болгон.