Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду

Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көрдү.

«Жарандар өз сунуштарын жана эскертүүлөрүн сайтта көрсөтүлгөн номер боюнча жөнөтө алышат, жакында почта дарегин да кошуп коёбуз. Коомдук талкуу бир айга созулат, тагыраагы, 9-мартка чейин», — деп билдиришти парламенттин басма сөз кызматынан.

Буга чейин Конституциянын жаңы долбоору Конституциялык кеңешменин кароосунда болгондуктан коомдук талкууга коюлбайт деп айтылган болчу. Документтин өзү парламенттин сайтына таанышып чыгуу үчүн гана жарыяланмак.

«Конституциялык кеңешмеде бекитилген вариант өзгөртүлбөйт. Кандай болгон күндө дагы мыйзамда ушинтип жазылган», — деп билдирген Конституциялык кеңешменин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

Бирок, Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу керектигин айткан болчу.

«Мен эл өкүлдөрү долбоордун жаңы редакциясын коомдук талкууга алып чыгышы керек деп эсептейм. Адамдар эмнеге добуш берип жатканын билиши керек жана референдум өткөнгө чейин өздөрүнүн түзөтүүлөрүн, сунуш-пикирлерин айтып калууга шарт түзүлүш керек», – деп билдирген Бөрүбашев.

Добоорду коомдук талкууга чыгарыш керек экенин юристтер дагы айтышкан.

«Мыйзамга ылайык, коомдук талкуу долбоордун демилгечиси тарабынан ишке ашат — бул учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан, алар долбоорго түшкөн бардык сунуштарды карап, кабыл алып турууга милдеттүү болчу. Буга байланыштуу, Конституциялык кеңешменин ишмердиги коомдук талкуунун процедурасы боло албайт», — деп билдиришкен «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери.

Конституция боюнча референдум

Депутат Акылбек Жапаров 2-февраль күнү Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде, жергиликтүү кеңешке шайлоо менен бир күндө өтөрүн билдирген.

«Убактысы белгиленди. Болжолдуу дата айтылды», — деген ал.

Боршайком болсо референдум өткөрүүнүн датасы тууралуу акыркы чечим жок экенин, анткени тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек деп билдирген. Бирок БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов референдумду «жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүү максатка ылайык» деп билдирген.

«Ханституция»

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду Садыр Жапаров демилгелеген. Конституциянын жаңы долбоору дароо эле «Ханституция» деген атка конгон: жарыялангандан кийин документ юристтер менен коммчулуктун кескин сынына кабылган.

Долбоордо президенттин ыйгарымдары кыйла кеңейтилип, парламенттики кыскартылган. Мындан тышкары, документке ылайык, президент эч кимге отчёт бербейт, ошондой эле ал өкмөттү да башкарат.

Кескин сын айтуулардан кийин бийлик Конституциялык кеңешме чогултуп, ал октябрь айынан бери бул документти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатты.

Конституциялык кеңешме Курултай деген жаңы мамлекеттик органды киргизүүдөн баштап Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 30га кыскартууга чейинки ар кандай сунуштарды киргизишкен.

Кийинчерээк Конституциялык кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкуу процедурасынан өткөрбөстөн эле дароо параментке берип коё алары белгилүү болгон. Бул дагы кыргызстандыктардын нааразылыктарын жараткан.

Ар жемшемби сайын Бишкектин борбордук көчөлөрүндө активисттер жана жарандар чогулуп, Конституциянын долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу талабын айтып келишет.

Бирок ага карабастан документ 2-февралда парламентке өткөрүлүп берилмек. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирген болчу.

Анткен менен 8-февраль күнү документ дагы деле парламентке келе электиги белгилүү болгон.

«Конституциянын долбоорун экспертизадан өткөрүү үчүн президенттин жарлыгы менен өзүнчө лингвистикалык топ түзүлгөн. Учурда документ аларда. Алар ишин аяктары менен документ бизге келет, анан биз таанышуу үчүн долбоорду сайтта жарыялайбыз. Болжол менен бул 1-2 күндөн кийин болот», — деп билдиришкен басма сөз кызматтан.

Эртеси күнү парламенттин басма сөз кызматы коомдук талкуу ачылганын, ал эми документ кайра кароо үчүн демилгечилерине жөнөтүлгөнүн билдирген.