Конституциянын жаңы долбоору парламентке түшө элек, ал лингвистикалык экспертизада — ЖКнын басма сөз кызматы

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке түшө элек, ал учурда лингвистикалык экспертизада. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы Kaktus.media басылмасына билдирди.

Адистер документти толук текшерип бүткөндөн кийин ал парламентке келери белгиленди.

«Конституциянын долбоорун экспертизадан өткөрүү үчүн президенттин жарлыгы менен өзүнчө лингвистикалык топ түзүлгөн. Учурда документ аларда. Алар ишин аяктары менен документ бизге келет, анан биз таанышуу үчүн долбоорду сайтта жарыялайбыз. Болжол менен бул 1-2 күндөн кийин болот», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Мурдараак парламенттин депутаты Дастан Бекешев Конституциянын жаңы долбоору эмдигиче парламентке келе электигин, ал 2-февралда эле депутаттарга келиши керек болчу деп телеграм-каналында билдирген.

«Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу бир кызыктай окуя болуп жатат. Эмдигиче текстти берише элек, Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмүндө жок, лингвистикалык бөлүмдө да жок, бирок документ аларда деп айтышкан. Менин түшүнгөнүм боюнча, долбоор дагы деле президенттин аппаратында оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат, аны оңдоп бүтүшкөндөн кийин дароо депутаттарга демилгелөө үчүн беришет, профилдик комитетке беришет, ошентип тезинен өткөрүп жиберишет», — деп эсептейт Бекешев.

Анын айтымында, жарандар документти «окуй алышы» үчүн аны сайтта жарыялаш керек болчу, бирок мындай болгон эмес.

Коомдук талкуу болбойт

Конституциянын жаңы долбоору парламентке 2-февралда берилерин Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирген. Анын айтымында, талкуу «ачык» өтүп, 2,5 айга созулган.

«Мен кемчилиги жок деп айтпайм. Бирок бардыгынын оюн уктук. Коомдо ар кандай социалдык топтор бар экен. Алардын да оюн уктук. Конституцияны “Ханституция” деп сындагандар болду. Эми “ханство” же монархиялык түзүлүш менен республикалык түзүлүштүн айырмасын билбегендер сүйлөй беришет. Сындагандар сунуш бериши керек. Эгер анын сунушу менин кылган ишимден жакшы болсо, коомчулук аны жакшы деп кабыл алса, ал сынды биз көтөрөбүз. Бирок жөнү жок кыйкыра берүүнүн кереги жок», — деген ал.

Анын айтымында, коомдук талкуу этабы өткөрүлүп жиберилген, себеби Конституциялык кеңешмеде долбоорду жарандарга тааныштыруу үчүн укуктары жок.

«Жарлыкта Конституциянын долбоорун биз иштеп чыгышыбыз керек деп жазылган, ал эми талкууланып жаткан долбоорду ачыктап же жайылта алабыз же жокпу жазылган эмес. Бул суроону Жогорку Кеңешке бериш керек», — деди ал.

Ошол эле учурда Конституциялык кеңешменин курамына кирген Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров коомдук талкуу бүткөнүн билдирди. Ал Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоорун оңдоону коомдук талкуу деп атаса болот деп эсептейт.

«Долбоор парламентке келип түшөрү менен таанышуу үчүн сайтка жайгаштырылат. Тагырак айтканда, Конституциялык кеңешмеде бекитилген вариант өзгөртүлбөйт. Кандай болгон күндө дагы мыйзамда ушинтип жазылган», — деп билдирди депутат.

Ал процедурага ылайык, долбоор парламентке келип түшөрүн, андан соң профилдик комитет карап чыгарын түшүндүрдү. Андан соң долбоор Конституциялык палатага келип түшөт, парламент өзү кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизе албайт.

«Бул менин же эки депутаттын демилгеси эмес, бул мыйзам. Референдум жөнүндөгү мыйзам парламентке дагы, жарандарга дагы мыйзам долбоорунун референдум тууралуу тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө мүмкүндүк бербейт, ал эми Конституциянын долбоору мыйзамга тиркеме болуп калат», — дейт Акылбек Жапаров.

Анын ою боюнча, бул учурда Конституциялык палатанын корутундусу зарыл эмес, анткени кеп учурдагы Баш мыйзамга түзөтүү киргизүү жөнүндө эмес, толугу менен жаңы Конституция тууралуу болуп жатат.

Бөрүбашев болсо буга чейин Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу керектигин айткан болчу.

«Мен эл өкүлдөрү долбоордун жаңы редакциясын коомдук талкууга алып чыгышы керек деп эсептейм. Адамдар эмнеге добуш берип жатканын билиши керек жана референдум өткөнгө чейин өздөрүнүн түзөтүүлөрүн, сунуш-пикирлерин айтып калууга шарт түзүлүш керек», – деп билдирген Бөрүбашев.

Добоорду коомдук талкууга чыгарыш керек экенин юристтер дагы айтып жатышат.

«Мыйзамга ылайык, коомдук талкуу долбоордун демилгечиси тарабынан ишке ашат — бул учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан, алар долбоорго түшкөн бардык сунуштарды карап, кабыл алып турууга милдеттүү болчу. Буга байланыштуу, Конституциялык кеңешменин ишмердиги коомдук талкуунун процедурасы боло албайт», — деп билдиришти «Адилеттин» юристтери.

Конституция боюнча референдум

Депутат Акылбек Жапаров 2-февраль күнү Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде, жергиликтүү кеңешке шайлоо менен бир күндө өтөрүн билдирген.

«Убактысы белгиленди. Болжолдуу дата айтылды», — деген ал.

Боршайком болсо референдум өткөрүүнүн датасы тууралуу акыркы чечим жок экенин, анткени тиешелүү жарлыкка президент кол коюшу керек деп билдирген. Бирок БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов референдумду «жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир күндө өткөрүү максатка ылайык» деп билдирген.

«Ханституция»

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду Садыр Жапаров демилгелеген. Конституциянын жаңы долбоору дароо эле «Ханституция» деген атка конгон: жарыялангандан кийин документ юристтер менен коммчулуктун кескин сынына кабылган.

Долбоордо президенттин ыйгарымдары кыйла кеңейтилип, парламенттики кыскартылган. Мындан тышкары, документке ылайык, президент эч кимге отчёт бербейт, ошондой эле ал өкмөттү да башкарат.

Президенттин м.а. Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгына кол койгон. Органга 89 адам кирген.

Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент кирген эмес.

Кыргызстандагы башкаруу формасы боюнча референдум 10-январда, кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө өткөн. Борбордук шайлооо комиссиясы 20-январда референдумду өттү деп тааныган, «президенттик башкаруу формасы» үчүн 80%дан ашуун шайлоочу добуш берген.

Ошол эле күнү БШК Садыр Жапаровду өлкөнүн жаңы шайланган президенти деп тааныган. Анын ант берүү аземи 28-январда Бишкекте өткөн.