Акыркы суткада коронавирустун жаңы 82 учуру катталды, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 10-февралда коронавирустун жаңы 82 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 32;

Чүй облусу — 32;

Жалал-Абад облусу — 1;

Ысык-Көл облусунда — 12;

Нарын облусу — 2;

Ош облусу — 1;

Баткен облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 85 253кө жетти.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 436.

Ошондой эле, акыркы суткада 98 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 36, Чүй облусунда — 29, Жалал-Абад облусунда — 5, Ош облусунда — 4, Ош шаарында — 1, Ысык-Көл облусунда — 13, Баткен облусунда — 1, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 8 бейтап сакайды. Ушуну менен өлкө боюнча 81 923 бейтап оорудан айыкты. 

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан үч COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 436 киши көз жумду.