Акча жана вакцинанын жетишсиздиги. ДССУнун башчысы COVID-19га каршы күрөштөгү көйгөйлөрдү атады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) тарабынан пандемияга каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн эл аралык коалициянын бюджетине 27 млрд доллар жетпей жатат. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус Женевада өткөн конференция учурунда билдирди.

«Каржылоодогу ажырымды канчалык көп убакыт жеңе албасак, эмне үчүн ушундай болуп жатканын түшүнүү ошончолук кыйыныраак болот. Кеп “чоң жыйырмалыктын” өлкөлөрү экономиканы стимулдаштыруу боюнча чараларга короткон ошол үч триллион доллардын болбогон бир үлүшү тууралуу болуп жатат да», — деп билдирди ДССУнун башкы директору.

Гебрейесус экинчи көйгөй катары вакцина өндүрүүчүлөр менен мамлекеттрдин ортосундагы эки тараптуу келишимдерди атады. Ал өкмөттөрдү эл аралык COVAX платформасы аркылуу иштеп, аны менен атаандаштыкка барбоого чакырды.

Тез арада чечүүнү талап кылган үчүнчү маселе — вакцина өндүрүнүүнүн көлөмүн көбөйтүү. ДССУнун башчысынын айтымында, бул маселени ар кыл секторлордун арасында технологияларды лицензиялоо жана өткөрүп берүү сыяктуу «инновациялык кызматташтык» аркылуу ишке ашыруу керек.

COVID-19дун жаңы штаммдары

Коронавирустун жаңы, жугуштуураак болгон штаммдарынын пайда болушу ДССУну катуу тынчсыздантат. Улуу Британияда табылган биринчи штаммды дагы деле токтотуу мүмкүн болбой жатат.

Алгач Түштүк Африкада аныкталган вирустун варианты тез жайылып, учурда Африкадагы сегиз өлкөдө катталып жатат. Ушул себептен улам ал жакта Oxford/AstraZeneca менен эмдөө токтотулган, анткени изилдөөлөргө ылайык, эмдөө жаңы штаммдарды жуктуруп алуудан коргобойт.

«Бул, албетте, кейиштүү жаңылык, бирок абал абдан эле туруксуз. Биз COVID-19 дартынын бардык формаларынан коргоп калуучу вакцина иштелип чыгат деген терең үмүттөбүз, бирок азыркы убакта ооруканалар толуп, бейтаптарга орун жетпей кала турчу оорунун оор формада өтүүсүнүн алдын алышыбыз керек», — деп белгилейт Тедрос Гебрейесус.

Бар болгон вакциналар жаңы штаммдардан канчалык коргой аларын өз убагында аныкташ үчүн ДССУ COVID-19дун бардык мутацияларына көз салып туруу ыкмасын иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт.

ДССУнун башчысы пандемия аягына чыгуудан алыс экенин, ал эми вакцина — «бул ага каршы күрөштөгү маанилүү куралдардын бири гана экенин» эскертти.

«Биз саламаттык сактоо системасы менен медиктерди коргоого көп каражат сарпташыбыз керек жана баарыбызга белгилүү чараларды колдонолу — беткап кийип, колдорубузду жууп, адамдар арасындагы аралыкты сактайлы», — деди ал.

COVAX – бул вакциналарды сатып алуу жана акыйкат бөлүштүрүү боюнча механизм.