Премьер-министр үй-бүлөлүк зомбулук жаап-жашырылбашы керектигин айтты

Премьер-министр Улукбек Марипов ИИМдин 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана үстүбүздөгү жылга карата артыкчылыктуу милдеттерин талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынга катышты.

Марипов өз сөзүндө үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө маселесине өзгөчө токтолду.

«Зомбулуктун ар кандай фактылары – адам укугунун негиздерине каршы келген кылмыш. Өнүккөн коомдо мындайга жол берилбеши керек. Зомбулуктун ар-түрдүү фактылары, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук да укук коргоо органдарынын көңүлүнөн четте калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулук бир үй-бүлөнүн жеке иши катары кабылданбашы зарыл. Мындай фактылар жашырылбастан, коомчулук мындай көрүнүштөрдү жектөө менен кабылдашы тийиш», — деп белгиледи ал.

Анын пикиринде, аталган маселе боюнча учурдагы мыйзамды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы бар, бирок ал так эмнени өзгөртүү пландалып жатканын тактаган жок.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган учурларынын саны жыл сайын өсүүдө. Айрым учурларда ур-токмок аялдардын өлүмүнө алып келет — эл аралык практикада бул фемицид деп аталат. Улутук статкомдун маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө аялдарга карата 4,4 миң кылмыш жасалган, бул 2018-жылга салыштырмалуу 14%га көп.

ИИМдин статистикасына караганда 2020-жылдын ичинде 9025 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бирок көп учурда жакындарынын зомбулугуна кабылгандар кысым же дагы башка таасирлерден коркуп милицияга кайрылышпайт.

Дагы окуңуз: