Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү долбоордун үстүндө иштөө процедурасын бузушту — «Бир Дүйнө»

«Бир Дүйнө» укук коргоо уюму 15-февралда парламенттин спикери Талант Мамытовго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда укук коргоочулар Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жатканда кеңешменин процедураларын бузушканын маалымдашты.

Укук коргоочулар кеңешменин мүчөлөрү менен өлкөнүн бардык аймактарында коомдук талкуулоо үчүн жаңы долбоор боюнча парламенттин экспертизасынын 6 түрүн жарыялоону талап кылышууда.

«Биз кеңешменин ичинде иштеп жатып, чечим кабыл алуу процессинде парламенттин арты чуулуу депутаттары, бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзам долбоорунун автору Райымкулов жана башкалар, анын ичинде патриархалдык коомдун стигмалары менен азап тарткан радикалдык топтор сыяктуулар үстөмдүк кылууну улантып жатышканына көзүбүз жетти», — деп белгиленген билдирүүдө.

Укук коргоочулар билдиришкендей, Конституциялык кеңешменин ичинде процедуралар кандай бузулуп атканына күбө болушкан — кеңешменин айрым мүчөлөрү жана «радикал топтордун өкүлдөрү» долбоорго «чуулу жана дмократияга каршы» беренелерди жазышкан, мисалы, Курултай үстөмдүгүн орнотуу боюнча.

Уюмдагылар бүгүн конституциялык реформа «буга чейин болуп көрбөгөндөй стратегиялык маанилүү» болуп эсептелерин билдиришет. Анын мүчөлөрү «80 депутаттын ички саясий абалды курчутуп жана чыр-чатактардын жаралышына алып келүүсү мүмкүн болгон мыйзам долбоорунун үстүнөн түздөн-түз иштөө үчүн» Конституциялык кеңештин курамына өздөрү билип эле кошулушкан.

Кайрылууда укук коргоочулар Мамытовду Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда шашылбоого жана «ийгиликтүү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасындагы жаңы конституцияларды кабыл алуу принциптерин эске алууга» чакырды.

«Бул парламент депутаттары үчүн адам эркиндигине, укуктарына жана баалулуктарына, чыныгы парламенттик процедураларга кайтып келүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк, ошондой эле, президент Садыр Жапаров белгилегендей, “эл өкүлдөрү катары Кыргызстандагы мыйзамдын диктатурасын орношу үчүн жоопкерчилик алышы керек”», — деп белгиленген билдирүүдө.

Буга чейин «Медиа Полиси Институтунун» юристи Нурбек Сыдыков Конституциялык кеңешме өлкө жарандарын Конституциянын жаңы долбоорун талкуулап, ага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү үчүн сунуш берүү укуктарынан ажыратып жатат деп билдирген. Анын айтымында, кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтөрдөн мурда коомчулукка бериши керек болчу.

Сыдыков билдиргендей, мыйзам боюнча, референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар дагы жаңы Конституциянын текстин өзгөртө алышпайт.

«Депутаттар жаңы референдум өтө турган күнүн гана дайындоого укуктуу болот. Демек, жарандарды адаштырып жатышат. Биз кеңешме сунуштаган вариантка добуш беришибиз керек болот», — деп белгилейт ал.

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева кеңешме легитимсиз экенин билдирген, себеп дегенде аны президенттин м.а. Талант Мамытов түзгөн, кызматты убактылуу аркалап турган аткаминер катары анын буга укугу жок болчу. Ошондой эле, учурдагы Конституция боюнча, президент конституциялык реформалардын демилгечиси боло албайт — ага парламенттин гана укугу бар.

Конституциялык кеңешме жана «Ханституция»

Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду Садыр Жапаров демилгелеген. Конституциянын жаңы долбоору дароо эле «Ханституция» деген атка конгон: жарыялангандан кийин документ юристтер менен коммчулуктун кескин сынына кабылган.

Президенттин м.а. Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгына кол койгон. Органга 89 адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.

Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент кирген эмес.

Парламентте көрсөтүлгөн Конституциянын жаңы долбоору биринчи документтен катуу айырмаланбайт. Анда дагы президенттин ыйгарымдары кыйла кеңейтилген, ошол эле учурда ал эч кимге отчёт бербейт. Учурда долбоор коомдук талкуу баскычында. Юристтер жаңы долбоорду дагы сынга алып, анда тобокелчиликтер көп деп билдиришкен.