«Өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылышты». Блогер Юлия Барабина Кыргызстандан чыгып кетти

Блогер Юлия Барабина 15-февралда Кыргызстандан чыгып кеткенин кабарлады. Бул тууралуу ал Kaktus.media басылмасына билдирди.

«Мени Кыргызстандан кетүүгө аргасыз кылышты десем болот. Негизсиз тинтүү, аңдуу, тыңшоо, адвокатсыз суракка алуу. Башында контора адашып алды, териштирет деп үмүттөнгөн элем, бирок ал үмүтүм бат эле өчтү», — деди ал.

Атайын кызматтын куугунтугу

Анын пикиринде, тергөө колдонуучулардын мыйзамсыз чакырыктары ага таандык эмес, Мээрим Асанова же анын күйөөсүнүкү эместигин дароо эле билген, бирок бул «оозду жаап, коркутуп, тинтип, алып коюу» үчүн бүгүнкү бийликке пайдалуу болгон.

Барабина «айрым саясатчыларга каршы күрөшүү үчүн курал болуп калаарын» түшүнгөндүктөн бир аз кийим-кечесин чогултуп кетип калганын айтып берди. Ал чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн кетүүнү жана башпаанек суроону пландабаганын, бирок ага аргасыз кылышканын белгилейт.

Барабинанын айтымында, ал Кыргызстанга анын өмүрүнө жана чыгармачылыгына коркунуч жаралбаганда гана кайтып келет.

«Мен Кыргызстанды сүйөм, эмитеден эле сагыным жатам. Мен эч кимди өлтүргөн жокмун, эч нерсе уурдаган жокмун, мыйзамсыз жол менен тендерлерде пайда көргөн эмесмин жана аянтта элге ок аткан эмесмин. Эл аралык валюта фондусунун ковидге каршы иш-чараларга делген каражаттарды алтын унитаздарга короткон эмесмин. Мезгил ушундай болуп калды, Жээнбековду инаугурацияга чакырып, прокуратура Матраимовдорго карата бардык суроолорун жаап койду, Бакиевдерди бирөө дагы жоопкерчиликке тартайын деген жок, бирок блогерлерди суракка чакырып жатышат», — деп айтты ал.

Тинтүүлөр кандай жүргөн?

Kaktus.mediaнын журналисттери Барабинадан тинтүү жана сурактардан кийин ал өзүн кандай сезип жатканына кызыккан.

«Өзүмдү моралдык жактан зордукталгандай эле сезип жатам. Менин постторумдун алдында калтырылган бөлөк колдонуучулардын комментарийлердин негизинде, мага учурдагы Конституция кепилдеген жарандык укуктарыман ажыратышты. [...] Мени белгисиз адамдардын көзүнчө чечинткендей эле болуп жатам. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы менин жеке барактарымды алып алышты, алардын арасында мен туугандарым менен сүйлөшкөндөрүм да бар. Менин жашоомду уурдап алышкандай эле сезим бар», — деп жооп берди ал.

Журналисттер блогерден тинтүү учурунда дагы кандай буюмдарын алып кетишкенин такташкан.

«Матраимовго 260 миң сом айып салышты, ал эми тинтүү учурунда менин 160 миң сом каражатымды (дачамды сатуудан түшкөн), өтө деле кымбат эмес уюлдук телефондорумду жана эски эки ноутбугумду алып кетишти. Кайра кайрып бербей турган өңдөнөт. Мен эч убакта чиновник болгон эмесмин, менин болгон активим — 46 чарчы метрлик атамдан калган батир жана чакан эки машинам бар, алардын жалпы суммасы 7 миң долларды түзөт», — деп жооп берген Барабина.

«Правдоруб.кг» долбоору

Блогер «Правдоруб.кг» барагы анын автордук долбоору экенин, эки жыл мурда Кыргызстандын саясат, экономика жана социалдык турмушуна арналган аналитикалык булак катары түзүлгөнүн айтып берген.

«Правдоруб.кг» эч качан белгилүү бир партиянын же саясатчынын жарчысы болгон эмес. Постторду изилдеп чыкса, кимдир бирөөнүн таламын талашат деген суроо өзүнөн өзү жок болот. Блогдун барагында Атамбаевди дагы, Жээнбековду дагы, депутаттар менен Бакиевдин кланын дагы сындап келгенбиз. Матраимовдун дагы, УКТнын дагы бетин ашкерелегенбиз. Депуттар тарабынан демилгеленген бир катар мыйзам долбоорлорунун болжолдуу себептери ачыкталган», — деп билдирди блогер.

Анын айтымында, блог ага өзүнүн пикирин билдирүүгө, журналисттик калемин курчутууга мүмкүндүк берчү. Ошондой эле, «акыл эстүү журналисттер же юристтер» ал эч качан зомбулукка чакырык таштабаганын жана улуттар аралык мамилени козутпаганын тастыктап беришет деп белгилеген.

«Мага карата күч түзүмдөрүнүн негизги кинеси, баракчадагы макалаларга карата башка адамдардын жазган комментарийлерине байланыштуу экенин сурак учурунда гана түшүндүм. Аты-жөнү белгисиз юзердин посттору мыйзам чегинен чыгып кеткени, албетте талашсыз», — деди Барабина.

Анын айтымында, ал комментарийлерди модерациялаган, «бирок бир суткада 24 саат онлайн отура албайт». Анын божомолу боюнча, чагымчыл колдонуучу жаңы жылдык майрамдардын кызуу убагында барагына кирип, дароо бир нече посттун алдына комментарий калтырган, ошону менен УКМКнын сотко чейинки иликтөөсү үчүн негиз түзгөн.

Блогер анын алдында «Правдорубка» Садыр Жапаровдун өмүр баянына жана ишмердүүлүгүнө байланышкан курч материалдардын сериясы жарыяланганын белгилеген.

Барабинанын айтымында, анын блогуна жарыяланган маалымат – бул ЖМКлардын расмий маалыматтары жана мамлекеттик органдардан алынган жалпы, коомдук маалымат.

«Долбоор популярдуу болуп, көрүүлөрдүн саны айына 100 миңден ашып калганда, “Правдорубдун” жеке кат куржунуна кайдыгер эмес жарандар маалымат жөнөтө башташкан. Эгер ал маалыматтын фактысы болсо, мен аны бир аз стилин өзгөрткөндөн кийин жарыялачум. Анткени, Конституция боюнча ар бир адам маалыматты эркин издеп, алып, сактап, колдонуп жана тарата алат», — деди ал.

Баракчага демөөрчүлүк кылуу тууралуу суроого блогер, бир айда баракта алтыдан ашпаган материал жарык көрөрүн, андыктан ал көп кишиге акча төлөчү эмес.

«Башында баракты таанытуу үчүн өз каражатымдан 50 долларга жакын коротком. Андан кийин социалдык тармак саясий барактарды ачууга жана аларды коммерциялык жол менен илгерилетүүгө чектөө коюп салды», — деп айтып берген ал.

Kaktus.media басылмасынын журналисттери Барабина атамбаевчыл үгүтчү жана тролл деген имиштерге эмне деп жооп кайтарарын сурашкан.

Ал журналист жана пиарщик болуп иштегенин, баңгизатка каршы жана социалдык программаларды сүрөмөлөп, ар кандай ЖМКларда иштегенин айткан.

«Мени 2011-жылдан 2017-жылга чейин КСДПнын маалыматтык колдоо адиси катары чакырышканы сыр эмес. Менде чын эле Атамбаевге жана анын командасынын көптөгөн мүчөлөрүнө белгилүү бир жагымдуу сезимдер бар, бирок аларда дагы критикалык баалоо жок эмес. Менде мурдагыдай кайсы бир саясий ишмерге болгон катуу ишенүү жок. Анын кадрдык саясатынан тышкары, орчундуу каталарынын бири бул ЖМКларды сотко берүү болгон», — деп айтты ал.

Блогер шайлоодо Сегизбаевдин штабында иштебегенин, бирок штабдын кызматкерлерин билерин жана оппозицияны ачык эле колдогонун түшүндүрөт.

«Менин жеке барагымда Сегизбаевдин, Сооронкулованын, Асановдун жана башка саясатчылардын биригүүсү гана Жапаровго карата адекваттуу атаандаштык жарата алмактыгы тууралуу посттор бар. [...] Тилекке каршы, медиа айдыңды тазалоо, ал биринчи кезекте блогерлерден башталары оюма да келбептир», — дейт ал.

Барабина декабрь жана январь айынын башында эле «камоо жана куугунтуктоо» башталарын алдын-ала айтканын белгилейт.

Сурактар жана тинтүүлөр

3-февралда УКМКнын кызматкерлери блогер Юлия Барабина жана кезексиз президенттик шайлоодо Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанова менен Нурзада Токтогулованын үйлөрүн тинтүүгө алган.

Тинтүүдөн кийин Барабинаны, Токтогулованы жана Асанованын жолдошун УКМКга суракка алып кетишкен. Асанованын жолдошу дагы Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, Барабина 8 сааттан ашык суракта болгон. Ал эми Мээрим Асанова суракка эртеси күнү, 4-февралда чакырылган.

Тинтүүнүн себеби журналист Канат Каниметов Facebook барагына УКМК кызматкерлери келтирген өтүнүч тууралуу Биринчи май райсотунун токтомун жарыялагандан кийин белгилүү болгон.

Анда атайын кызмат Барабина, Асанова жана анын жолдошу фейсбуктагы Правдоруб.кг тайпасына «улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козуткан чагымчыл материалдарды жарыялашкан жана жарандарды зомбулук аракеттерге үндөгөн» деп көрсөтүшкөн.

Токтомдо тергөөчүнүн «иштин материалдарына тиешелүү буюмдар, документтер жана электрондук алып журүүчүлөр бузулуп же жок кылынышы мүмкүн» деген кооптонуусунан улам тинтүү жүргүзүү зарыл экендиги айтылган.

Буга «Медиа Полиси Иституту» уюмунун юристтери соттун токтомунун өзүндө мыйзам бузуу бар деп белгилешкен. Ал эми штаб кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштери ойдон чыгарылган деп баа беришкен.

«Пиар-кызматынын өкүлдөрүнө карата козголгон бул кылмыш иштери, ушул тапта белгилүү болгон маалыматтардан алып карасак, бир кездеги Автандил Жоробековдун иши сыяктуу эле ойдон чыгарылган, учурдагы бийликтин атаандаштарына иштегендиги үчүн адамдарды куугунтуктоо, башкача айтканда аларга ыңгайсыз багытта ойлонгондугу үчүн жээригендей көрүнүп жатат», — деп белгиленген билдирүүдө.