УКМК блогер Юлия Барабинаны суракка алып кетти

Блогер Юлия Барабинаны суракка алуу үчүн 3-февралда УКМКга алып кетишти. Бул тууралуу анын жакындары Kaktus.media басылмасына билдиришти.

Алар буга эмне себеп болушу мүмкүн экенин билишпейт.

«Ал телефон чалып, суракка алып кетип жатканын жана үйүндө тинтүү жүргөнүн айтып үлгүрдү. Азыр чалууга жооп бербей жатат. Башка эч нерсе билбейбиз», — деп билдирген алар.

УКМК тараптан азырынча бул боюнча расмий комментарий айтыла элек.

Ошондой эле атайын кызмат 3-февралда президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабынын кызматкерлери Мээрим Асанова менен Нурзада Токтогулованы дагы тинтүүгө алганы белгилүү болгон.

«Аппараттарымдын баарын алып, тинтүү жүргүзүштү, күйөөмдү болсо УКМКга суракка алып кетишти», — деп кабарлады ал.

Асанова «бул өзүм билемдикти» Абдил Сегизбаевдин штабында иштегени менен байланыштырды. Буга чейин Токтогулованы дагы УКМКга суракка чакырышкан.

Сегизбаев 25-январда Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын арызынын негизинде «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелип кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 25-мартка чейин камакка алынган.