Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанова УКМКга суракка чакырылды

Өткөн шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон Абдил Сегизбаевдин өкүлү Мээрим Асанова УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Kaktus.mediaга Асанованын жакындары кабарлаган.

Буга чейин күн мурда Асанованын күйөөсү УКМКда сурак берип чыккан. Бул УКМКнын кызматкерлери алардын үйүн тинтип, телефон жана ноутбуктарын алып кетишкенден кийин болгон. Ал күнү Асанова эки кичинекей баласын карап үйдө калган. Асанова мындай «өзүм билемдиктин баарын» Абдил Сегизбаевдин штабында иштегендиги менен байланыштырган.

Кийин Сегизбаевдин штабынын дагы бир кызматкери Нурзада Токтогулованын жана блогер Юлия Барабинанын үйү дагы тинтүүгө алынганы белгилүү болгон. Экөөнү тең фейсбуктагы посттору үчүн суракка алып кетишкен.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, Барабина 8 сааттан ашык суракта отурган.

Тинтүүнүн себеби журналист Канат Каниметов Facebook барагына УКМК кызматкерлери келтирген өтүнүч тууралуу Биринчи май райсотунун токтомун жарыялагандан кийин белгилүү болгон. Анда атайын кызмат Барабина, Асанова жана анын жолдошу фейсбуктагы Правдоруб.кг тайпасына «улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козуткан чагымчыл материалдарды жарыялашкан жана жарандарды зомбулук аракеттерге үндөгөн» деп көрсөтүшкөн.

«Кыздарды соцтармактагы посттору үчүн куугунтукка алышканы белгилүү болду. Тергөөчү жада калса өтүнмөгө аталган посттордун заголовокторун жазып коюптур: “Кытайдын изи” — кеп Садыр Жапаровдун Кытай менен байланышы тууралуу окшойт”; “Мамрезиденцияда зэк жашап жатат” — пфф, эмне андай эмеспи?; “Кыргызстан — бийликте эки жинди” — эмне калппы?; “Бакиевдер: реваншка өтүштү” — бул жерде тап-таза чындык. Эми ушул үчүн дагы куугунтукташабы?» — деп жазган Каниметов.

Кийин Асанова фейсбук барагына чакан видео жарыялап, болуп өткөн окуяга комментарий берген.

«Мен, Юля [Барабина], Нурзада [Токтогулова], Кутман [Мукашев] — барыбызды “Улуттар аралык кастыкты козутуу” беренесине байлоого аракет кылып жатышат, бул сандырактык. Болжолу, эч нерсе таппай калганда бул беренени ар бир блогерге, журналистке чаптай салганга ыңгайлуу өңдөнөт», — деп билдирген ал.

Асанованын айтымында, аны тааныгандардын баары, соцтармактарда аны окугандар же аны менен бирге иштегендер айыптардын чындыкка дал келбесин тастыктап бере алышат.«Бардык [телеграм] каналдарда, чаттарда бийликти күч менен басып алууга үндөшкөн, дагы бир нерсесине..., биз кандайдыр бир террорист экенибиз тууралуу маалыматтар таркап кеткен. Эми бул болбогон нерсе да. Үч кызды улуттар, аймактар аралык кастыкты козуткан, бийликти күч менен басып алууга үндөгөн деп айыптоо… Менимче аша чаап кетишти», — деп жыйынтыктады ал.

УКМКнын басма сөз борбору азырынча расмий билдирүү бере элек.

Президенттике талапкер, УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев 25-январда Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдардын арызынын негизинде «Кызмат абалынан кыянат пайдаланууга» шектелип кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 25-мартка чейин камакта калтырылган.

Абдил Сегизбаев мурдараак «президенттик шайлоого катышкандан кийин» ага карата кылмыш иши козголорун билгенин айткан. Ал кармалуудан коркпосун жана жарандык позициясын жашырбасын билдирген.

Сегизбаев 30-декабрда өткөн дебат учурунда Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, ага бир катар курч суроолорду узаткан.