БШК: жергиликтүү кеңештерди шайлоого 425 млн сом жумшалат

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоону каржылоого бюджеттен 425 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Чыгымдардын сметасы дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда каралган. Бирок андан соң бир аз өзгөртүүлөр киргизилгенин Боршайкомдун маалымат кызматы белгиледи.

«Сметага участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бериле турган сый акынын суммасы киргизилген. Автоматтык эсептөөчү шаймандардын 2222 операторлору үчүн, ошондой эле, шайлоонун алдындагы күнү жана шайлоо күнүндө коопсуздукту сактоо үчүн ишке тартылган ИИМдин 4636 кызматкери үчүн күнүмдүк каражат да кирет», — деп жазылат маалыматта.

Шайлоону өткөрүүдө 53 аймактык жана 2276 участкалык шайлоо комиссиясындагы жалпы 29 миңден ашык адамга шайлоолорду даярдоо убагында айына эки-үч миң сомдон төлөнөт.

Ошондой эле, каражат шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуу, окутуу иш-чаралар менен кызматтык жол жүрүүлөргө, байланыш кызматына, предметтерди жана материалдарды сатып алуу менен катар жабдууларды ташууга да жумшалат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге дайындалган. Тиешелүү жарлыкка 8-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон.

Шайлоо Кыргызстандын 27 шаардык жана 421 айылдык кеңешинде өткөрүлөт. Алардын ичинде Бишкек, Ош, Талас, Баткен, Нарын, Жалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарлары бар.

Андан сырткары жергиликтүү шайлоолор менен чогуу Конституциялык реформаны өткөрүү дагы пландалууда.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоону 2020-жылдын 12-апрелине дайындаган, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.