Шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт

Иллюстративдик сүрөт

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге дайындады. Тиешелүү жарлыкка 8-февралда президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул жарлыгы менен Жапаров өкмөткө шайлоону өткөрүү үчүн БШКга каражат бөлүүнү тапшырды. Ошондой эле өкмөткө укуктук тартип, коомдук жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жүктөлдү.

Жарлыкка ылайык, шайлоо Кыргызстандын 24 шаарында жана 397 айылында өткөрүлөт. Алардын ичинде Бишкек, Ош, Талас, Баткен, Нарын, Жалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарлары бар.

Буга чейин БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум бир күндө өтүп калышы мүмкүндүгүн маалымдаган. Ал эми Боршайкомдун мүчөсү Тынчтык Шайназаров бул иш-чараларга 500 млн сом сарпталаарын айткан.

Ошондой эле Кыргызстанда быйыл парламенттик шайлоо өтөт, бирок анын мөөнөтү азырынча белгисиз.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоону 2020-жылдын 12-апрелине дайындаган, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шаарга тиешеси жок жарандар шайлай алышат. Түшүндүрөбүз