Коронавируска байланыштуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылды

12-апрелде Кыргызстандын айрым аймактарында өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылды.

Шаардык кеңештин жаңы курамы шайланышы керек болгон шаарлардын ичинде Ош жана Каракол бар.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолор Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын өзүнчө райондорунда да өтүшү керек эле.

Шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду, бирок шайлоонун жаңы убактысы азырынча белгилүү эмес.

Өзгөчө кырдаал режими

Дүйнөгө кулачын жайган коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилип, мындан тышкары, ага байланыштуу жергиликтүү кеңштерге өтө турчу шайлоо да жылдырылды.

Ошондой эле шайлоонун жылдырылышына COVID-19 коронавирусунун алгачкы жуктуруу учурлары өлкө жарандарында аныкталганы да себеп болгон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 14 адам коронавируска чалдыкканы аныкталган.

ТЕМА БОЮНЧА: