Бурулайдын өлүмүнөн кийин иштен алынган Марлис Асанов Таластын милициясын убактылуу жетектейт

Марлис Асанов

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги 15-февралда ротация жүргүзүп, Кыргызстандын аймагында милиция башкармалыктарынын жетекчилигин алмаштырды.

Анын натыйжасында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков — депутат Дастан Жумабековдун бир тууганы — Нарынга которулуп, анын милдеттери убактылуу Марлис Асановго жүктөлгөн.

Асанов буга чейин Чүй ОИИБнин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал Бурулай Турдалы кызы Жайыл РИИБнин имаратында өлтүрүлгөндөн кийин 2018-жылдын 5-июнунда кызматынан алынган болчу.

Бурулайдын өлүмү

2018-жылы 27-майда Чүйдүн Жайыл райондук милиция бөлүмүнө 19 жаштагы Бурулай, аны ала качкан Марс Бөдөшов жана анын досу Акмат Сейитов жеткирилген. Көп өтпөй Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, андан соң өзүнө да кол салууга аракет кылган.

Бишкек шаардык сотунда. Солдон оңго: Марсбек Бөдөшов, Акмат Сейитов. Сүрөт: Бекжан Асылбеков / Kloop.kg

Свердлов райондук соту Марс Бөдөшовду күнөөлүү деп таап, анын мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кескен. Ошондой эле, ал маркум кыздын үй-бүлөсүнө 800 миң компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал эми ала качууга көмөк көрсөткөн Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыраган. Бишкек шаардык соту дагы бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Мындан сырткары 23 милиционер жоопкерчиликке тартылган — алардын ичинен Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев, анын эки орун басары Марлис Асанов жана Канат Жумаев, ошондой эле Жайыл РИИБнин жетекчиси Муратбек Исмаилов кызматынан алынган.

Ал эми Бурулайдын өлүмүнө алып келген окуяда үч милиционер «Шалаакалык» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 260 миң сомдон айыпка жыгылган. Бирок жабырлануучу тарап мындай өкүмгө нааразы болушкан.