Бурулайдын үй-бүлөсү милиционерлердин өкүмүн даттанды. Алар штрафка жыгылган болчу

19-июнда Чүй облустук соту 2018-жылы милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын каза тапканынан улам шалаакылыкка айыпталган милиционердердин ишин карай баштайт.

Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттары милиционерлерди штрафка жыккан жана кайгуул милициянын эки инспекторун актаган Аламүдүн райсотунун чечимине даттанышты.

Адвокат Эсения Рамазанованын айтымында, райсоттун чечимине милиционерлердин өздөрү да даттанышкан.

«Алар өз даттанууларында соттун чечими мыйзамсыз болгонун билдиришип, актоону [суранышкан]. Ал эми биздин даттанганыбызды себеби — биз штрафтарга макул эмеспиз, анткени бул алар үчүн абдан жеңил жаза», — деп айтып берди Рамазанова «Клоопко» курган маегинде.

Аламүдүн райсоту апрелде үч милиционерди шалаакылык боюнча күнөөлүү деп таап, кайгуул милициясынын эки кызматкерин актаган. Сот милиционерлердин үчөөсүн мамлекеттин пайдасына 260 миң сомдон жана 100 сом Бурулайдын атасына төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери акталган, анткени алар болгону кызды милиция бөлүмүнө гана жеткиришкен, ал эми бул бөлүмдө кыз киши колдуу болгон. Ал эми маркумдун атасы аларга карата дооматынан баш тарткан.

Прокурор милиционерлердин күнөөлөөрү «толугу менен далилденген» деп эсептеп, аларды беш жылга эрктеринен ажыратууну суранган.

Ошондой эле маркумдун атасы Турдалы Кожоналиев кызы киши колдуу болгон күнү милиция бөлүмүндө 11 кызматкер болгону менен кылмыш жоопкерчилигине бешөө гана тартылып жаткандыгын айткан.

Коомчулукта чуу жараткан Бурулай Турдалы кызынын өлүмү 2018-жылы 27-майда милициянын бөлүмүндө жүз берген. Маркум кыздын өлүмү боюнча ишти президент Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бурулайды ошол күнү үйлөнүү үчүн досу менен ала качкан Марс Бөдөшов өлтүргөн. Бөдөшов кыздын өлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 2018-жылы декабрда 20 жылга кесилген.

Ошондой эле 23 милиционер жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен айрымдары бошотулуп, дагы башкаларына катаал сөгүш жарыяланып, үчүнчүлөрүнө карата сыноо мөөнөттөрү берилген.