Экс-спикер Дастан Жумабековдун агасы Нарын ОИИБинин башчысы болуп дайындалды

Экс-спикер Дастан Жумабековдун агасы, милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Нарын облусунун ИИБнин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, коллегия айрым жетекчилерди ротациялаган. Алмазбек Жумабеков буга чейин Талас облустук ИИБдин башчысы болуп келген.

Жумабековдун ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп милициянын полковниги Марлис Асанов дайындалды. Асанов буга чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери болуп иштеген.

Муну менен катар Ысык-Көл, Баткен жана Ош облустарынын, Бишкек ШИИБдин башчылары алмашкан.

Жумабековдор он бир тууган, ал эми мурдагы төрага — үйдүн кичүүсү. Белгилүү хирург, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун директору Сабырбек Жумабеков анын агасы болот.

Агаларынын бири Талас облусунда прокурор, дагы бирөө Ысык-Ата РИИБдин башчысы.

Дастан Жумабеков деген ким?

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин спикери болуп 2017-жылдын 25-октябрында дайындалып, 2020-жылдын 6-октябрына чейин иштеген. Өткөн жылдын октябрында миңдеген адамдар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышкан, ал эми учурдагы президент Садыр Жапаровдун тарапташтары аны камактан бошотушкан.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алышкан, ал эми парламенттин спикери Дастан Жумабеков отставкага кеткен. Андан соң депутаттар кезексиз жыйынга чогулган, бирок ага Жумабеков катышкан эмес.

Экс-спикер чет өлкөдөгү шаарлардын аталыштарын окуп жатып уят болгону менен да белгилүү. Ал Германиядагы Майндагы Франкфурт шаарын бир нече жолу «Франкфурт жана Маяне» деп айтып алып, интернетте шылдыңга жана сынга кабылган.

Акыркы парламенттик шайлоого Жумабеков «Кыргызстан» партиясынын катарында барган. Үгүт маалында ал жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип, мындан улам аны шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылды деп айыпташкан.