УКТ мүчөлөрүнө мамкызматтарга барууга тыюу салган мыйзам сунушталды

Ички иштер министрлиги коомдук талкууга эки мыйзам долбоорун койду. Ведомство бул мыйзамдардын жардамы менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө депутаттыкка жана президенттикке талапкерлигин коюга тыюу салгысы келет.

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда мурда УКТнын курамында жасаган кылмышы үчүн соттолгон адамды президенттик кызматка, жергиликтүү кеңештин жана парламенттин депутаттык кызматына жолотпоо сунушталууда. Мындан тышкары, ИИМ УКТнын курамында кылмыштуулукка барган аткаминерлерди кызматтарынан алууну дагы сунуштап жатат.

Мындан тышкары, ИИМ «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ушул сыяктуу түзөтүүлөрдү киргизүүнү дагы сунуштады. Долбоорго ылайык, УКТнын курамында жасаган кылмыш иши үчүн соттолгон адам президенттик кызматка шайлана албайт.

Ошол эле учурда, соттолгондугу алынса же жабылса да мамлекет башчы болуу мүмкүн болбойт.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде мыйзамды кабыла алууга мамлекеттин жана коомдун коопсуздугуна коркунуч жараткан «уюшкан кылмыштуулуктун эбегейсиз өсүп жатканы» негиз болду деп айтылган.

«Ал [уюшкан кылмыштуулук] бийликтин жогорку катмарына аралашуу менен, ишенимдүү укуктук-ченемдик базанын жоктугун пайдаланып, өзүнүн позицияларын күчөтүп жатат», — деп айтылат документте.

Мындан тышкары, министрликтен акыркы жылдары шайлоолор криминалсыз өтпөй калганын белгилешти.