«Мекенчил» партиясы 2021-жылы жергиликтүү кеңештер менен парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу «Клоопко» партия штабынын жетекчисинин орун басары Эркин Баяманов билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди партиянын түптөөчүлөрүнүн бири Садыр Жапаров кабыл алган, себеби ал «эч качан бийликти толугу менен көзөмөлгө алууну көздөбөйт жана көздөгөн дагы эмес».
«Жапаров партиясына парламенттик жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолорго катышууга жол бербейт. Мындай кадам менен ал бийликке кайрадан ошол эле саткын, эки жүздүүлөрдүн өтүп кетүү тобокелин жокко чыгарды. Мындан ары “бийликчил партия” деген түшүнүк болбойт, Жапаров элдин тынчтыгы менен кызыкчылыгын биринчи орунга койду», — деди Баяманов.
Партиядан белгилешкендей, «Мекенчил» саясий процесстен тыш турган өз алдынча уюм болуп кала берет. Партиянын башка саясий бирикмелер менен биригип-бирикпегени тууралуу азырынча кабарлана элек.
«Мекенчил» партиясы
«Мекенчил» партиясын 2010-жылы мурдатан бери үзөңгүлөш болуп келген Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров түптөгөн. 2020-жылы октябрда саясий парти биринчи жолу парламенттик шайлоого катышууну чечкен.
Партия шайлоодо бирдиктүү башкаруу системасын түзүү үчүн конституциялык реформа өткөрүүнү сунуштаган. Партия мамлекетти коррупционерлерден да тазалоону пландаган.
Бирок мекенчилдерге шайлоо босогосунан өтүүгө 0,05% жетпей калган. Бирок болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун массалык митингинен кийин добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Партия мүчөлөрү болсо саясий кризис жана бийлик алмашуудан кийин маанилүү мамлекеттик кызматтарды ээлешкен. Мисалы, Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жетекчиси болсо, ал эми Садыр Жапаров — Кыргызстандын президенти.
Партиянын дагы бир мүчөсү — парламенттин экс-депутаты Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп дайындалган. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров премьер-министрдин жана президенттин м.а. турган кезде кол койгон.
Мекенчилдер бийликке келери менен өздөрүнүн башкы идеяларын жүзөгө ашыра баштаган — Жапаров конституциялык реформаны демилгелеген, ал эми Ташиев коррупцияга каршы күрөштү колго алган — УКМК дайыма аткаминерлерди коррупцияга айыптап кармап, алар мамлекетке келтирген зыяндарды төлөп, андан соң эркиндикке чыгышууда.