11-апрелге дайындалган Ош шаардык кеңештин шайлоосуна катыша турган партиялардын арасында «Ата-Журт» жок. Бул тууралуу маалыматты БШКнын Ош жана Ош облусу боюнча атайын өкүлү Расулбек Кадыров «Клоопко» ырастады.
«“Ата-Журт” шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган, бирок кайра чакыртып алып, катышпай турганын билдирди. Биз партиялардын шайлоого катышпай турган себебин сурабайбыз», — деп айтты ал.
Анын айтымында, 1-мартка алынган (түшкө чейин) маалымат боюнча «Ата-Журттан» башка «Элдик» партиясы дагы шайлоого катышуудан баш тарткан. Аталган партия буга чейин документтерин тапшырган болчу. Ага ылайык, шаардык кеңештеги депутаттык орундар үчүн он саясий партия ат салышат.
Шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын ичинде «Ата-Журт» аталышына үндөш дагы бир партия — «Ата-Журт Кыргызстан» бар.
«Ата-Журт» партиясы тууралуу эмне белгилүү?
«Ата-Журт» партиясы мурда анын курамында азыркы президент Садыр Жапаров жана спикер Талант Мамытов бар болгону менен белгилүү. Садыр Жапаров шайлоо алдындагы жарышка катышып жатканда, Мамытов президенттин милдетин аткарып турган.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Ата-Журт» партиясы 2006-жылы түзүлгөн. Аны УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген. 2010-жылы өткөн парламенттинк шайлоодо аталган партия эң көп мандатка ээ болгон — 28. Ал чакырылышта Ташиев, Мамытов жана Жапаров депутат болгон, ал эми Жапаров «Ата-Журт» фракциясын жетектеген.
Кийин Жапаров фракция лидеринин ордун үзөңгүлөшү Мыктыбек Абдылдаевге [2020-жылдагы саясий кризис учурунда Абдылдаев убактылуу спикер болгон жана депутаттарга премьерлик кызматка Жапаровдон башка адамдын талапкерлигин сунуштоодон баш тарткан] өткөрүп берген. Ал ошондой эле, Камчыбек Ташиевге президенттик шайлоого даярданууга жардам берген, анда Ташиев үчүнчү орунга ээ болгон.
2012-жылы партия кайра каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, азыр аны Азамат Кенжебаев жетектейт.
Ал эми Ташиев 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Өмүрбек Бабанов менен биргеликте «Республика — Ата-Журт» партиясын түзгөн. РАЖ алтынчы чакырылыштагы шайлоодо бийликчил КСДПдан кийинки экинчи орунду алып, 28 мандатка ээ болгон. Бирок, 2019-жылы партия 2020-жылдагы парламенттик шайлоого эки бөлөк катышарын билдирген.
Аталган партия бул жолку парламенттик шайлоого барар-барбасы азырынча белгисиз. Бирок ал Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартканы белгилүү болгон. «Ата-Журт» документтерди тапшырган, бирок өткөн жумада партиянын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Жапаровдун жана финансы боюнча өкүлү Толгонай Абдымажимованын ыйгарымдарын токтотууну өтүнгөн.
«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы тууралуу эмне белгилүү?
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы 2021-жылдын 26-февралында кайра каттоодон өткөн. Анын жетекчиси катары Айбек Маткеримов көрсөтүлгөн. Ал парламенттин жетинчи чакырылышын шайлоодо «Мекенчил» партиясынын курамында 82-орунда барган.
Мындан ары мурдагы мекенчилдин партиясы бардык жергиликтүү кеңештерге барат. Бишкектеги бөлүмүн меценат жана президентикке мурдагы талапкер Бабыржан Төлбаев жетектейт.
*«Мекенчил» партиясы 2021-жылы өтө турган жергиликтүү кеңештердин жана парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Партиянын башка партиялар менен биригүүсү тууралуу азырынча кабарлана элек.
«Жапаров партиясына парламенттик жана жергиликтүү деңгээлдеги шайлоолорго катышууга жол бербейт. Мындай кадам менен ал бийликке кайрадан ошол эле саткын, эки жүздүүлөрдүн өтүп кетүү тобокелин жокко чыгарды. Мындан ары “бийликчил партия” деген түшүнүк болбойт, Жапаров элдин тынчтыгы менен кызыкчылыгын биринчи орунга койду», — деп билдирген партиянын штабынын жетекчисинин орун басары Эркин Баяманов.
Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо
Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын айрым райондорунда жана Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Балыкчы жана Токмок шаарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоо 2020-жылы 12-апрелде өтүшү керек болчу.
Бирок, коронавирус пандемиясынан улам Бишкек, Ош шаарларында жана бир нече райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими киргизилген. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков бул шайлоолорду белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу жарлыкка кол койгон.
Октябрдагы окуялардан соң бийлик алмашкандан кийин президент Садыр Жапаров шайлоону 2021-жылдын 11-апрелине дайындаган. Партиялардан документтерди кабыл алуу 1-мартта саат 23:59да аяктайт. 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-апрелде өтөт.
Азырынча Бишкекте 29, Ошто 10 партиянын документтери кабыл алынганы белгилүү.
Жергиликтүү кеңешке шайлоодон сырткары Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана кайрадан парламенттик шайлоо өтүшү керек. Алардын өтчү күнү белгисиз. Бирок Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде депутаттар казынадагы каражатты үнөмдөө үчүн, Конституциянын жаңы долбоору элдин добушуна жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү менен чогуу коюлат деген чечим кабыл аларына «үмүт кыларын» билдирген.
Жергиликтүү кеңешке шайлоо менен Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумга бюджеттен дээрлик жарым миллиард сом сарпталат.