Ошто акыркы үлгүдөгү «Калашников» автоматын сатууга аракеттенген тургун кармалды

Сүрөт: Ош ШИИБи

Ош шаарында «Калашников» автоматын сатууга аракеттенген 45 жаштагы тургун кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай, аталган курал АК-103 үлгүсүндөгү, 7.62 мм колибриндеги акыркы үлгүдөгү курал болуп саналат.

«Криминалдык милицияга белгисиз жаран курал сатуу үчүн кардар издеп жатканы тууралуу маалымат келген. Милиция кызматкерлери кардар катары ал куралдын баасын сураганда 50 миӊ сомго сатаарын айткан. Ыкчам иликтөө иш-чарасынын натыйжасында мурда эки жолу соттолгон тургун кармалды», — деп билдирди Ош ШИИБинин басма сөз кызматы.

Аталган факт «Мыйзамсыз курал-жаракты сактоо жана сатуу» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылып жатат. Ал эми кармалган шектүү тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин өткөн жылдын 18-ноябрында Ош шаарында 23 жаштагы тургундун унаасынан АК-103 үлгүсүндөгү курал алты огу менен, эки бычак жана гашиш алынганы кабарланган.

Ошондой эле, кармалган тургундун жашаган үйүн тинткен учурда аны менен бирге ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жашаганы аныкталган.