Ошто ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн тургун кармалды

Ош шаарында 18-ноябрда 23 жаштагы тургундун унаасынан ок атуучу курал жана маңзат табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы маалымадады.

BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Натыйжада унаадан бир даана «АК-103» үлгүсүндөгү ок атуучу курал, анын алты даана огу, эки бычак жана салмагы 4 граммга жакын гашиш алынган.

Ошондой эле, кармалган тургундун жашаган үйгө да тинтүү жүргүзүлүп, анда аны менен бирге ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жашаганы аныкталган.

«Тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн салмагы 4.20 граммды түзгөн гашиш наркотикалык затына түспөлдөш зат алынды. Табылган далил буюмдарга карата соттук-криминалистикалык, соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды», — деп билдирет Ош ШИИБи.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ош ШИИБинин басма сөз кызматы алынган маңзаттарга карата дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен аталган соттук өндүрүшкө «Мыйзамсыз бангизаттарын сактоо» беренеси да кошулуусу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен бир килограммдан ашык героин табышкан. Маалыматка ылайык, анын баасы 1 млн 139 миң сом, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк. Шектелип кармалган тургунга «Баңгизат каражаттарын колдонууга көндүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.