Бишкектин биринчи вице-мэри болуп Нариман Түлеев дайындалды

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 20-октябрда Нариман Түлеев шаардын биринчи вице-мэри болуп дайындалганын маалымдады. Тиешелүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Мурдараак бул кызматты Алмаз Бакетаев аркалап келген. Эми ал турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматка өтмөй болду.

Коррупция боюнча Түлеевге тагылган айыптар

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев сот залында. Ал коррупцияга айыпталып, соттолгон.

Нариман Түлеев — экс-депутат жана Бишкектин мурдагы мэри. 2012-жылы Түлеев Кытайдан борбор калаа үчүн кар тазалоочу жана жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп коррупция боюнча айыпталган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Түлеев мамлекетке 33 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген.

2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Түлеев 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Ошону менен катар, келтирген чыгымдары үчүн мамлекеттик казынага 60 млн сом өлчөмүндө айып төккөн.

Ал кезде бийлик Түлеевге жана анын бир туугандарына таандык болгон Караван соода борборун, «Сапатком» бизнес-борборун жана кымбат баалуу унааларды конфискациялаган.

Парктагы жерлердин таркатылышы

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп турган учурунда Ататүрк паркынан 21 жер тилкесин жеке колдорго таркатып берген. Ал тарткаткан жерлер, президенттин иш башкармалыгына чет элдик делегациялар үчүн мейманканалык комплекстин курулуш ишине деп бөлүп берилген. Түлеев ошондой эле парктын чет жакасындагы эки жер тилкесин жеке менчикке берген.

Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген. Экинчи участокту Талантбек Усупбеков алган. Ал 2017-жылдын аягында «Дос-Кредобанктын» акционери болгон. Ошол убакта директорлор кеңешинин төрагасы Түлеевдин уулу болгон — ал кийинчерээк банктын башкы акционери болгон.

2012-жылдын июнунда, ошол убакта парламенттин депутаты болуп турган Нариман Түлеев коррупция боюнча кармалып, ага карата өзүнчө иштин алкагында камакка алуу өкүмү чыгарылган. Ал 2016-жылы бошотулгандан кийин, бийлик Түлеев атасына берген жерди алып койгон. Азыр ал участок мэрияга таандык жана бош бойдон калууда.

ТЕМА БОЮНЧА: Бишкек бийлиги Ататүрк паркынын 30%дан көбүн кантип жок кылган?