Түлеевдин бошотулушу жана жаңы вице-мэр — Бишкек мэриясындагы кезектеги кадрдык алмаштыруулар

Бишкек мэриясында кезектеги кадрдык алмаштыруулар болду. Дайындоолр тууралуу буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Нариман Түлеев мындан ары калаанын вице-мэри эмес. Анын ордуна мурда ушул эле кызматта иштеп кеткен Алмаз Бакетаев келди.

Түлеев фейсбуктагы барагында мэриядан өз эрки менен кетип атканын жана кызматтан кетүү тууралуу расмий арызды 2-ноябрда, Бишкекке кайтып келгенде жазаарын кабарлады. Ал Түлөбаев менен сүйлөшкөнүн кошумчалап, шаардык кеңешке шайлоого бара турганын, ал тургай «Ак-бата» партиясы менен парламенттик шайлоого да катышышы мүмкүндүгүн билдирди.

Мындан тышкары, мэрия жаңы вице-мэрлүү болду. Кызматка 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкерлигин койгон Айжан Чыныбаева келди.

Чыныбаева коомдук иштерди жигердүү алып барганы менен таанымал, ал «Бизнести башкаруу» тармагы боюнча БААУну аяктаган, Кыргызстандын консулдар клубунун президенти болгон жана Кыргызстандагы эл аралык Let’s Do It экологиялык кыймылын жетектеген.

Кадр алмаштыруу жана кызматтан бошотуулар

Мэр Азиз Суракматов кеткенден кийин Бишкек мэриясынын айланасында бир нече чуу чыккан. Мэрлик кызмат үчүн бир нече адам, анын ичинде экс-мэр Нариман Түлеев жана «Мекенчил» партиясынын мүчөсү Төрахан Жунусбеков да күрөшкөн.

Жыйынтыгында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматына буга чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым өкүлү болуу үчүн калаа мэриясынын аппарат жетекчилигинен кеткен Балбак Түлөбаев кайра келди.

Бирок Түлөбаев келгенден кийин деле чуулар менен митингдер басылган жок: кызматка келген күнү ал вице-мэрлер Виктория Мозгачёва менен Алымбек Абдылдаевди ээлеген кызматтарынан бошоткон.

Мозгачёва кызматтан алынгандан кийин Түлөбаев вице-мэрлер «өз каалоолору менен кетип, шаарды таштап кетишти» деп туура эмес маалымат таратып жатат деп билдирген.

Анын айтымында, аларды кызматтан кетүүгө мажбур кылышкан. Ал Түлөбаевдин Абдылдаевди кызматтан алганын «туура эмес» болгонун айтып, ошол себептүү өзү да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазуу чечимин кабыл алганын кошумчалаган.

Мындан тышкары, Мозгачёва журналисттерге маек кургандан кийин коркутуп-үркүтүүлөр түшө баштаганын кабарлаган.

«Анын буйрук берген иштерде тажрыбасы бар, укук коргоо жана тергөө органдарында тааныштары абдан көп. Мен ага орун керек болгондо ал кимди буйрутканын, кантип буйрук бергенин, адамдарды кантип кыйнашканын билем. Эми азыр да ошол эле нерсе менен коркутуп жатат», — деп айтып берген Мозгачёва.

Кийинчерээк мэриянын алдында нааразылар чогулуп, вице-мэрлерди кызматтарына кайтарууну талап кылышкан. Алардын арасында мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова да болгон. Ал да ыице-мэрлердин бошотулушуна каршы турган.

Алмамбетова Түлөбаевге кайрылып, вице-мэрлер эмне үчүн алынганын сураган, бирок мэрдин милдетин аткаруучу жооп бере алган эмес. Андан соң Алмамбетова өзү да кеңешчилик кызматынан алынган.