Марипов дары-дармектин баасы «жеке көзөмөлдө» болот деп ишендирди

Премьер-министр Улукбек Марипов 2-мартта жумушчу жыйында «дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүмө алам» деп билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

«Өкмөт калкка, айрыкча, социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандар үчүн дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды жана аларды жөнгө салуунун тийиштүү механизмдерин камсыз кылыш керек. Коронавируст пандемиясы учурунда дары-дармектерге болгон баа мурдагыдан да курч болуп турат. Бүгүнкү күндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө баалардын өсүшү дагы байкалууда», — деди Марипов.

Өкмөт башчынын белгилегени боюнча, айрым дары-дармектер өтө маанилүү дарылар тизмесине киргизилген жана КНСти төлөөдөн бошотулган. Ошол эле учурда, салыктык жеңилдиктерге карабастан айрым дары-дармектердин наркы өндүрүш ишканаларынын сатуу бааларына салыштырмалуу бир нече эсе көтөрүлүп кеткен.

Өкмөт башчысы «бул жагдай бизге түп-тамырынан туура келбейт» деп билдирди. Анын айтымында, тизмени кайрадан карап чыгып, ошондой эле баа саясатын дагы талдоо керек.

Марипов тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле, дарылардын баа саясаты боюнча дарыкана тармактарынын өкүлдөрү менен иш жүргүзүүнү тапшырды.

Дары-дармектердин жетишсиздиги?

2020-жылдын июль айында пандемия туу чокусуна жеткен маалда социалдык тармактарга дары-дармектерди өз баасынан бир топ кымбат саткандар тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып турган.

«Сейчас KG» телеграм каналына 12-июлда «Гепарин» дарысын сатып алуу үчүн «Неман» дарыканалар түйүнүнүн кампасында узун кезек жаралганы тууралуу видео жарыяланган.

Финпол дарылардын баасын кымбаттаткан дарыканаларды кыдырып, рейд жүргүзгөн. Кыргызстандагы ири фармкомпаниялардын жетекчилерине карата бир нече сотко чейинки өндүрүш башталып, «Гепарин» жана «Клексан» дарыларын өз баасынан кымбат саткан бир нече адам кармалган. Дал ушул каражаттар коронавирустун белгилерин жеңилдетүү үчүн колдонулган.

2021-жылдын январь айында COVID-19 дартына каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн текшерген ведомстволор аралык комиссия антикоагулянттар жана башка маанилүү каражаттар кошулган COVID-19ду дарылоо боюнча клиникалык протоколдун үчүнчү версиясы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бир айдан ашык кечигүү менен бекитилгенин айткан.

Мындан улам, жергиликтүү фармацевтикалык компаниялар өлкөгө ташып келүү үчүн дарылардын бекитилген тизмесин 2020-жылдын 1-июлунда гана алышкан. Протоколдун өзү болсо 2020-жылдын 15-майында эле киргизилген болчу.

«Натыйжада коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн аба-суудай маанилүү болгон дары-дармектер республикага фармацевтикалык компаниялар тарабынан чоң кечигүү менен ташылып келип, өлкөдө дары-дармектердин таңкыстыгы жаралган жана алардын баасы өсүп кеткен», — деп өкмөттөн белгилешти.

Ошол эле учурда, экинчи протокол боюнча 2020-жылдын июнь айында сатылып алынган каражаттар жараксыз болуп калган. Анткени ал мезгилде үчүнчү протокол кабыл алынып калган болчу. Ушул себептен Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинде колдонуудан чыгып калган каражаттар чоң көлөмдө топтолуп калган.