Сүрөт: Даниль Усманов

Жакында, 2021-жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ошол эле күнү, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өтөрүн бийликтегилер четке каккан жок. Биз бул шайлоо мүмкүн болушунча ачык жана калыс өтүшүн абдан каалайбыз.

23-февралда байкоочулар топтолуп жатканы тууралуу жарыя берилгенден кийин катарыбызга 2000дей киши кошулду. Биз буга абдан кубанып турабыз! Бирок, өлкөдөгү ар бир шайлоо участогун байкоого ала билүү үчүн, бизге дагы 1000дей киши керек болуп жатат.

Ошондуктан, байкоочуларды кабыл алуу дагы бир жумага узартылды. Азырынча билдирмелердин эң көбү Бишкек шаарынан, эң азы Ош шаарынан, Ош жана Талас облустарынан келди. Эгер сиз аймактарда жашасаңыз, биз сиздерди катарыбызга кошулууну көптөн көп суранабыз.

Ошондой эле, досторуңуз, бир туугандарыңыз, жакын адамдарыңыз да байкоочу болгулары келсе, аларды бизге кайрылууга чакырыңыздар.

Билдирме калтыруу үчүн шилтеме материалдын аягында жайгашкан.

Биз мындай ишти биринчи жолу жасап жаткан жокпуз, буга чейин эң сонун байкоочуларыбыз менен чогуу эки жолу шайлоолорду чагылдырдык.

  1. Парламенттик шайлоо-2020. Биз бул жерде 200 байкоочу топтодук.
  2. Президентти шайлоо жана референдум-2021. Бул жерде биз 1500 киши болдук жана Кыргызстандагы шайлоо участокторунун 70% көбүн камтый алдык.

Байкоо иши кандай жүрөт?

2021-жылдын 11-апрелине чейин биз 3000ге жакын байкоочу топтойбуз. Укук боюнча адистерибиз, журналисттер жана видеографтар сизди мыйзам бузууларды байкап, аныктоого үйрөтүшөт. Биз сизге мыйзам бузууларды камерага кантип тартуу керектигин, мыйзам бузуу жөнүндө актыларды толтурууну, жана ошол материалдарды кеңири аудиторияга жайылтуу үчүн бизге жиберүүнү көрсөтүп беребиз.

4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоодо 200гө чукул байкоочудан турган команда топтогонбуз. Алар шайлоо участкасындагы бузууларды жеринен дароо «Клооптун» сайтына жарыялап турган. Биз шайлоочуларды массалык ташып келүү, добуш сатып алуу фактыларын аныктап, мыйзам бузуулар тууралуу ондогон актыларды түзгөн элек.

Ал эми 2021-жылдын 10-январында бизге 1500 байкоочу кошулду, бул мурдагыга караганда 7,5 эсе көп! Биз 1500дөн ашуун шайлоо участогунда шайлоо өнөктүгүн чагылдырып бердик жана БШКдан аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө эскертүүлөрдү жана айыппулдарды берүү талаптарыбызды аткарта алдык. Демек, аймактык шайлоо комиссияларынын мыйзам бузууга жол берген төрагалары жана мүчөлөрү кийинки шайлоолордо иштей алышпайт.

Биз бул жолу андагыдан 2 эсе көп болобуз жана бул эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы байкоочулардын эң ири тармагы болот! Өлкөнүн булуң-бурчтарындагы ар бир участкадагы шайлоонун жүрүшүнө биздин байкоочулар көз салса, махинация жасоо канчалык коркунучтуу болуп калаарын элестетип көрсөңүз.

Боршайком ЖМКларда айтылган бардык мыйзам бузууларга реакция жасоону убадалады. Эгер биздин байкоочулар бардык далилдер менен мыйзам бузууну аныкташса, юристтерибиз шайлоо күнү жана андан кийин алар дыкат текшерилип чыгышын талап кылат.

Эгер кимдир бирөө сизге басым кылууга аракеттенсе, биз талап кылынган бардык жардамыбызды беребиз: юридикалык жардамдан баштап ыкчам эвакуацияга чейин.

Бул жумушка акы төлөнөбү?

Ооба, төлөнөт. Биз ар бир ак эмгектин акысы төлөнүшү керек деп ойлойбуз.

Албетте, биринчи кезекте, сиз жарандык милдетиңизди аткарасыз. Ал эми экинчиден болсо, 5000 сом киреше таба аласыз.

Билдирмени кимдер тапшыра алат?

Жашы 18ден жогору болгон өлкөнүн бардык жарандары. Биз үчүн сиздин кайсыл тилде сүйлөгөнүңүз, иштеген жана жашаган жериңиз маанилүү эмес. Эң башкысы, сизде өлкөгө таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн каалооңуз маанилүү.

Мындан тышкары, сиз 2021-жылдын март, апрель айларында онлайн-тренингдерге катышууга даяр болушуңуз керек. Ал эми шайлоо күнү участка ачылгандан тартып, тактап айтканда эртеден кечке добуштарды кол менен саноого чейин болушуңуз керек.

Сиз биз менен биргесизби?

Макул десеңиз, абдан жакшы! Төмөнкү шилтеме аркылуу кирип форманы толтуруңуз.

Билдирме толтуруу үчүн шилтеме:

https://kloopmedia.github.io/Journal/#/p/elections_monitoring

Тексттин автору: Мундузбек Калыков